Баетов айылынын тургуну чоргодон чуу алып жаткан учуру. Сүрөт: Аймырза Муктарова

Нарындын Баетов айылындагы союз маалында орнотулган суу түтүктөрү оңдоп-түзөөдөн акыркы жолу 1991-жылы өткөн. Мындан улам түтүктөрдүн кайсы бир бөлүгү чирип, алмаштырууга муктаж. Жашоочулардын айрымдарына болсо таза суу жеткиликсиз болууда. Анткени, 84 чоргонун 12нен гана суу агат.

Айылдын чет жакасында жашаган 65 жаштагы Төлөгөн Шамыркановдун үй-бүлөсүндө сегиз адам жашайт. Ал бүлөсүн таза суу менен камсыздоо үчүн күнүнө эки ирет машинасы менен суу ташып келүүгө аргасыз. Анын айтымында, күнүмдүк тиричиликке 200 литрдей суу кетет. Авто унаасы бузулуп же суу алып келгенге үлгүрбөй калган учурда булактан ташып келет.

«Суу абдан эле тартыш болуп калат. Үнөмдөп пайдаланып, 200 литрди бир күндүк жашообузга араң жеткиребиз. Кышында арыктан суу акпайт. Ошондуктан кирди да ташып келген сууга жууйбуз, малга дагы ошол суудан беребиз. Жаз келип, койлор жайлоого чыкканда гана арыкка суу келет», — деп түшүндүрдү ал.

Шамырканов башка тургундар сыяктуу эле таза суу короосунан чыкса деп кыялданат. Ошондо жашоо шартыбыз кыйла оңолмок деген пикирде.

Баетов айылы. Сүрөт: Аймырза Муктарова

60 жылдан бери жаңыланбай келген суу түтүктөрү

Ак-Талаа районунун Баетов айылына таза суу 1960-жылдары киргизилген. 1991-жылы суу түтүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, суу 84 чоргодон чыга баштаган. Андан бери суу түтүктөрү жаңыланбай кайсы бир бөлүгү чирип, суу тартыш болуп калган.

Учурда 2656 түтүн жашаган айылда суу 12 чоргодон гана агат. Үйүнүн короосунда суусу чыккандардын саны жалпы тургундардын 15 пайызын гана түзөт. Ал эми жашоочулардын 20 пайызы сууну бир нече километр алыс жайгашкан чорголордон же жакынкы булактардан автоунаа менен ташып келип ичүүгө аргасыз. Кышкысын чорголордогу суу эки-үч саатка гана агат.

Элеттиктердин айтымында, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таза суу маселесин чечип берүү боюнча кайрылуу жолдошкону менен көйгөй ондогон жылдар бою чечилбей келет.

«Мен да айылдын четинде турам. Сууну алыстан ташып ичем. Айына 100-200 сомдон суу акысын төлөйбүз. Ал эми былтыр суу чыгарууга 800 сомдон бергенбиз, андан дайын жок», — деди айыл тургуну Жолдошбек Дербишалиев.

Баетов айлына жакын жайгашкан булак. Сүрөт: Аймырза Муктарова

«Тургундар кир сууну ичүүгө аргасыз»

Баетов айылынын башчысы Талантбек Турусбеков аймакта таза суу маселеси бар экенин ырастады. Ал суунун жетишсиздигинен улам жашоочулар кир сууну ичүүгө аргасыз дейт.

«Айылга таза суу 1960-жылдары киргизилген. Ошол убактан бери суу түтүктөрү толук оңдоодон өтө элек. Мындан улам тургундар кир сууну ичүүгө аргасыз. Эскилиги жеткен түтүктөр тешилип ичине топурак кирип жатат. Биздин айылда таза суу маселеси азыркы учурда Нарын облусу боюнча эң көйгөйлүү болууда», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, суунун сапатына байланыштуу болгон оорулар каттала элек. Бирок суунун тартыштыгы гигиенага терс таасирин тийгизет дешти.

«Суу жоктугунан белгилүү бир оору пайда болду деген көрсөткүчүм жок. Бирок суу ар бир үйгө кирген эмес. Эгерде суу ар бир үйдөн чыкса адамдар колдорун бат-баттан жууп турушмак. Бул гигиеналык жактан ар бир кишиге жакшы болмок», — деди аты-жөнүн атагысы келбеген дарыгер.

Райондук санитардык-эпидимеологиялык бекеттин башчысы Эрлан Бекишов Баетовдогу ичүүчү суунун сапаты жакшы болгонун билдирди: «Айылда таза суу өз убагында текшерилип турат. Суунун кесепетинен ооругандар каттала элек».

Суунун сапатын тастыктаган документтерди сураганыбызда, көрсөтүүдөн баш тартып, атайын уруксат кагаз алып келүүнү айтты.

Айылдагы иштен чыккан суу чоргосу. Сүрөт: Аймырза Муктарова

«Жашоочулардын көпчүлүгү суу үчүн акы төлөшпөйт»

Баетов айлында бирөөсү 500 метр куб, экинчиси 1000 метр куб көлөмдү түзгөн эки резервуар бар. Союз маалында айылды суу менен камсыз кылуу үчүн көлөмү 500 метр куб резервуар гана жетиштүү болгон. Андан бери калктын саны өсүп, экинчи резервуар ишке киргизилиши керек болчу. Бирок соргуч сатып алууга каражаттын жоктугунан экинчи резервуар иштетилбей турат.

Таза суу жана таза аймак мунициалдык ишканасынын жетекчиси Руслан Абышбаев каражаттын жоктугун жашоочулардын суу акысына төлөшпөгөнү менен байланыштырат. Анын маалыматында, элеттиктердин 20-30 пайызыгы гана таза суу үчүн акы төлөшөт.

«Бизге суу акасын өз убагында төлөп турушса жакшы болмок. Тариф боюнча дагы маселе көп. Алыстан ташып ичкендерге бир түтүндөн айына 50 сомдон деп бекитилген. Ал эми жашоочулардын 15 пайызы 150 сомдон төлөшөт. Суу алардын үйүнүн короосунан чыгат. Бирок көпчүлүк жашоочулар суу үчүн акы төлөшпөйт», — деп кейиди Абышбаев.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таза суу маселесин чечүү максатында марафон уюштуруп, тургундардан бир миллион сомдой каражат чогулткан. Атайын банктык эсеп ачып, акча аманатка салынган. Учурда депозиттик каражат 2 млн сомго чамалаган. Бирок «Таза суу» долбоорун адистер 211 млн сомго баалашкан.

Айыл башчынын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү айылга эки ирет келип суу маселеси менен таанышып кетишкен. Бирок көйгөйдү чечүүгө каржылык жардам көрсөтүшөбү же жокпу азырынча белгисиз.

Айылда кээде суу бир нече саатка акпай калат. Сүрөт: Аймырза Муктарова

Кыргызстанда 1 млн адамга таза суу жетишсиз

Акыйкатчы институту 2018-жылы өлкөдөгү таза суунун абалы боюнча атайын баяндама даярдаган. Анда сууга байланыштуу жагдай «жагымсыз» деп бааланып, өлкөдө 1 млн адамга таза суу жетишсиз деп айтылган.

Баяндамага ылайык, Кыргызстанда 1272 айыл борбордук суу системасына туташтырылган эмес. Элеттиктер сууну ачык булактардан ташып ичүүгө аргасыз. Мындан тышкары, 267 айылда суу түтүктөрү 1960-жылдары орнотулуп, ал эми 396 айылга суу таптаккыр эле киргизилбей калган.

Эскперттер айыл жергесинде таза суу боюнча оор кырдаал, көпчүлүк учурда суу камсыздоо 10 жылдан ашуун кароосуз абалда калгандыгы үчүн жаралган деп эсептешет. Мындан улам, суу түтүктөрүнүн техникалык абалы да кескин начарлап кеткен.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде таза сууга жеткилик маселеси урбанизациянын ылдамдашынан, климаттын өзгөрүшүнөн, айлана-чөйрөнүн булганышынан жана суу ресурстарынын түгөнүп бара жаткандыктан жаралган.

2000-жылдан тарта Кыргызстанда «Таза суу» долбоору иштеп баштаган. Анын максаты — айылдарды таза суу менен камсыз кылуу. Долбоордун ишке ашуусуна Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк Банк акча бөлгөн — алардын жалпы суммасы 90 млн долларды түзгөн.

Бирок, финансылык долбоорлор коррупциялык жаңжалдардын айынан токтотулган эле. Башкы прокуратура каражаттар ыксыз пайдалангандыгы үчүн 26 кылмыш ишин козгоп, алардын ичинен 19 иш сотко жөнөтүлгөн. Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын суммасы 6,3 млн сомду түзгөн.

Айылга жакын жайгашкан булактын суусу. Сүрөт: Аймырза Муктарова

Суу аркылуу жуккан ооруларга каршы күрөшүүгө жыл сайын 4,8 млрд сом сарпталат

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-майда «Аймактар үчүн Таза Суу» форумунда өлкөнүн бийлиги кир суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөшүү үчүн жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашуун акча сарптайт деп билдирди.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жыл сайын 30 миӊге жакын ичеги-карын оорулары катталат. А катталбай калганы канча?» — деп айтты президент.

Жээнбеков эгер таза суу маселеси чечилсе, анда бийлик бул акчаларды аймактарды өнүктүрүүгө жумшамак деген пикирде.

«Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт», — деп ишендирди президент.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы