Ош мэриясы муниципалдык лагерди иштетүүгө инвестор издөөдө

«Жаштык» лагери. Сүрөт. Kabar. kg

Ош мэриясы «Жаштык» лагерин балдардын билим берүү борборуна айлантуу үчүн инвесторго сынак жарыялады. Шаардык бийликтин лагерди өз алдынча иштетүүгө каражаты жетпейт.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов «Клоопко» билдиргендей, сынак лагерди балдарга билим берүү жана эс алуу комплексине айлантуу максатында жарыяланган.

«Лагерди балдар борборуна айлантуу максатында май айынын башында сынак жарыяладык. Ошого карап лагерди шаардын балдары эс ала тургандай кылып өзгөртөбүз», — деди Пирматов.

Мэриянын басма сөз кызматы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдиргендей, жергиликтүү бийликтин муниципалдык лагерди өз алдынча иштетүүгө каражаты жетпейт.

Абсаттаров маалымдагандай, «Жаштык» лагери мэриянын балансында калат. Инвестор аны ижарага алып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөн кийин иштетет. Ижаранын жылдык баасы болжолдуу 2 млн сомго бааланууда. Лагер ишкерлерге канча жылга ижарага берилээри азырынча белгисиз.

Ош шаарынын балансында жалгыз гана «Жаштык» лагери бар. Ал 1968-жылы курулуп, 2010-жылдан бери июнь окуясынан жабыркагандар жашап келишкен. 2017-жылы лагердин имараты оңдолуп, жылына 30га чукул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын акысыз кабыл алып келген. Лагер 300 балага ылайыкташып салынган, анын аянты 54 миң 290 чарчы метрди түзөт.