Айыл чарба министри Мурашев отставкага кетти

Нурбек Мурашев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

«Клооптун» булактары Мурашев 23-майда отставкага кетти деп билдиришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мурашевдин арызын президенттин кол коюусуна жөнөттү.

«Мен ден соолугума байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызды кечээ күнү жазгам. Айыл чарба министрлигинин айланасында талкуу абдан көп болуп жатат. Бирок негизинен ден соолугума байланыштуу. Дарыланып, өз ишимди кылам. Бйликтен кеткенден кийин жашоо бүтүп калбайт», — деп айткан Мурашев «Спутникке».

Мурашев Айыл чара министрлигин 2016-жылы жетектей баштаган. Бул убакыт аралыгында ал эң эле көп сынга алынган министрлердин бири болуп калган. Мисалы, 2018-жылдын жазында ал дыйкандарга картошка эгүү кеңешин берип, ал эми күзүндө анын баасы беш сомго чейин түшүп кеткени үчүн сынга алынган.