Солдо Нурбек Токтакунов жана оңдо «Антитеррор» кыймылынын катышуучусу Александр Толмачёв

«Антитеррор» кыймылынын өкүлдөрү 24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) реформасы талкууланып жаткан тегерек столду үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Юрист Нурбек Токтакуновдун баяндамасы учурунда «Антитеррор» менен «Нарын Жаштар Ордосунун» активисттери анын сөзүн бөлүп, сөз берүүнү талап кыла башташкан. Талкуунун модератору укук коргоочу Рита Карасартова болгон.

«Бул тегерек столдун уюштуруучусу ким экенин айтып бериңизчи? Мисалы, Рита Карасартова Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) сайтында саясий кысымга алынгандардын тизмесинде турат. А силер чогулуп алып, аны карап отурасыңар», — деп билдирди «Антитеррордун» өкүлү Илдар Биккенин.

Бул айыптарга Токтакунов Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн эң чоң коркунуч — бул «ФККнын кремлчи кызматкерлери» экенин билдирди.

Тегерек столдун айрым катышуучулары нааразы активисттерди «орусиячылдар» деп аташып, «Антитеррордун» өкүлү Роман Ремнёвдон георгий лентасын алып салуусун талап кылышты. Ремнёв УКМКга кайрылып, аларды улуттук кастыкты козутканы үчун жоопкерчиликке тартууну талап кылам деп жооп берди.

«Шабдан баатыр деген улуу баатыр бар, ал георгий лентасын тагынып жүргөн. Биз элди бириктирүү жана араздашуу болбошу үчүн иштейбиз. Азыр алар УКМК менен ИИМди жок кылып, андан кийин элди бөлгүсү келет», — деп айтты ал.

Натыйжада иш-чаранын модераторлору Токтакунов өз баяндамасын бүтүрүшү керек деген аргумент менен Ремнёв жана Биккиненинге сөз бербей коюшту. Мындан кийин Ремнёв тегерек стол өтүп жаткан жерден чыгып кеткен. Ошол эле маалда ага калууну сунушташкан болчу.

Токтакунов баяндамасын жыйынтыктоого аракет кылганы менен «Нарын Жаштар Ордосу» кыймылынын мүчөсү Дастан Эркин уулу аны сөзүн бөлдү.

«Ким жана кантип УКМКда реформа кылышы керектигин айтыңызчы? Бул жерде экөө чыгып, беш барактан кагазды окуп беришти. Сиз, Рита Карасартова, 8 мартта [жүрүшкө] катышкансыз, ал эми Адил Турдукуловдун принциби жок. Силердин реформа жүргүзүүгө моралдык укугуңар жок», — деп билдирди ал.

«Антитеррор» кыймылынын дагы бир катышуучусу Александр Толмачёв каалоочуларга сөз беришкен жок деп нааразы болуп, Токтакуновдун сөзүн улам-улам бөлүп жатты. Активист уюштуруучуларды «америкалык БЧБ» иштегендер деп айыптады.

«Силерде клеймо койгонго деле жер калбай калды. Адамга сөз берип [Илдар Беккенинге], өзүңөрдү америкачыл тегерек столуңарды өткөрө бергиле», — деди Толмачёв Токтакуновго жана иш-чаранын уюштуруучуларына кайрылып.

Тегерек столдун кээ бир катышуучулары нааразы болгондорду «чагымчылдар» деп аташты, ал эми Карасартова Толмачёвду түртүп, андан камераны тартып алууга аракет кылып, имараттан чыгып кетүүсүн суранды.

Жыйынтыгында Токтакунов баяндамысын аягына чейин чыгара албай, ал эми уюштуруучулар менен нааразы болгондордун ортосундагы талаштын өзү 15 мүнөттөн ашык убакыт уланып кетти.

Өз ара жемелөө жана кемсинтүүлөрдөн кийин уюштуруучулар УКМКнын реформасын талкуулоону уланта алышты, ал эми «Антитеррор» менен «Нарын Жаштар Ордосунун» активисттерине сөз берилген жок.

«Кыйноолорго каршы коалициясынын» иш-чарасын үзгүлтүккө учуратуу аракети

Александр Толмачёв жана дагы сегиз адам 23-майда «Супара» этнокомплексинде өтүп жаткан Кыйноолорго каршы коалициясынын иш-чарасын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Коалицияга Кыргызстанда кыйноолорго каршы күрөшүшкөн 17 бейөкмөт уюму кирет.

Коалициянын маалыматы боюнча, тогуз адам видеокамералар жана диктофондор менен жыйындар залына жулунуп кирип келишип, агрессивдүү түрдө иштөөнү токтотууну талап кылышкан. Алар коалициянын ишин Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү деп аташкан.

«Активисттер өздөрүн Кыргызстан жаштар патриоттук кыймылынын мүчөлөрүбүз деп тааныштырышып, батыш өлкөлөрү жана алар каржылаган эл аралык уюмдар Кыргызстанда тынчтыкты жасалма туруксуздаштырышканы жатышат деген пикирлерди айтышты», — деп айтылат уюмдун пресс-релизинде.

Укук коргоочулар арыз менен милицияга кайрылышып, алардын берген арызы бейбаштык фактысы боюнча каттоого алынган.

«Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясы бул белгисиз адамдар тарабынан атайылап жасалган чабуул болгон жана алар жарандык коомго коркутуу, кысым көрсөтүү максатын көздөшөт деп эсептешип, бул окуянын кылдат жана натыйжалуу иликтелишин талап кылышат», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Толмачёвдун ишмердиги

Александр Толмачёв менен «Антитеррор» кыймылынын өкүлдөрү дайыма ар кандай митингдерген катышып, пикирлерин билдирип келишет. Акыркы жолу алар «Кырк Чоро» улутчул кыймылы менен бирге каршылык акциясына чыгышкан. Акыркылары 8-март күнү аялдардын укугу үчүн тынчтык жүрүшүнө каршы болушкан.

Алар жүрүштө ЛГБТ коомунун өкүлдөрү, анын ичинде алардын символикасы болгонуна нааразы болушкан.

«Мэрдин гей параддарды өткөрүү үчүн макул болуп атканы, кандай маданиятты өстүрөт? Бул элге каршы аракет. Мындай адамдын мэрлик кызматты аркалоого укугу жок», — деп билдирген митингде Роман Ремнёв.

Ошондой эле Толмачёв бак-дарактардын кыйылышына каршы акцияларга да активдүү катышып, алтургай нааразылык акциясына чыкканы үчүн да беш суткага камакка алынган. Ал учурда шаар бийлиги Баялинов (мурдагы Ленинград) көчөсүндөгү жашыл өсүмдүктөрдү кыйып жатышкан болчу.

Ал Бишкектин деталдуу пландаштыруу планына жана мэрия демилгелеген башка өзгөрүүлөргө каршы болуп, бир нече жолу шаардык бийликке каршы митингге чыккан.

2013-жылы ал шаардын жолдорундагы чуңкурларды краска менен боёп жаткан жеринен милицияга кармалган. Кээ бир чуңкурларга ошол кездеги калаа башчысы — Иса Өмүркуловдун портрети түшүрүлгөн эле.

Авторлошу: Анна Капушенко