Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга соттолду

Бишкектин Свердлов райондук соту УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы начальниги жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди комитеттин кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү тууралуу иши боюнча 5 жылга соттоду.

«Бул көрсөтмө сабоо, башкалар үчүн көрсөтмө соттоо. Көргүлө эмне болоорун эгер силер бийликке каршы барсаңар. Бирок мындай болбошу керек, анткени бул ар бир адамдын башына түшүп калышы мүмкүн», — деди КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Мусакеевге каршы эки кылмыш иши козголгон — биринчиси боюнча ал УКМКнын 9-башкармалыгынын башчылык кызматында турган учурда ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланууга, ал эми экинчиси боюнча — мыйзамсыз байыган делип айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2016-2017-жылдары өзүнө жакын кызматкерлердин арасында батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн.

Ошондой эле башкы прокуратура Мусакеевди 20 млн сомдон ашуун каражатка кыймылсыз мүлк сатып алып, аны өзүнүн жакын туугандарына каттаткан деп айыптоодо.

Мусакеев айыптоолорду жалган жана саясий буйрук деп атоодо. Анын бул пикирине мурдагы президенттин башка да тарапкерлери тилектеш.

Ал өзүн коргоо үчүн журналисттерге үй-бүлөсү ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрдү көрсөткөн — бул ага-инилеринин курулушу аяктай элек үч үйү, агасынын батири жана өзү жашап жаткан УКМКнын кызматтык батири. Бирок башкы прокуратура көрсөтүлгөн мүлктөрдү анын туугандарына таандык болгон мүлктөрдүн аз гана бөлүгү деп атаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Ошол кезде Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Авторлошу: Айсымбат Токоева