Бир кадр менен: Жалал-Абаддагы мунай базада чыккан өрттү өчүргөн ӨКМдин кызматкерлерин сыйлоо аземи

ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов сыйлык тапшырууда. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад шаарындагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан ведомствонун кызматкерлерине 24-майда сыйлык тапшырды.

«Жарылып кетүү коркунучунда турган жайдагы өрттү өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык жана тактык менен тилсиз жоону өз убагында чектөөгө алып, өчүрүп калганыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз… [] Сиздер эки миңге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жаралган коркунучту алдын алдыңыздар», —деп айтты Мирзахмедов.

ӨКМ тарабынан төш белгилер менен сыйбарактар министрликтин Жалал-Абад шаардык, облустук, райондук жана Ош шаардык башкармалыктарынын 59 кызматкерине берилди. Мындан тышкары, 40 өрт өчүргүч кызматкер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сыйлыктарын алды.

Жалал-Абад шаарындагы мунай базада өрт 10-майда чыгып, аны өчүрүүгө 10 сааттан ашык убакыт кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө 182 өрт өчүргүч кызматкер тартылган. Тилсиз жоодон улам мазуту жана соляркасы бар эки цистерна өрттөнүп кеткен. Цистернанын ар биринин көлөмү 1000 тоннаны түзгөн.