Экономика министри отставкага кетти

Олег Панкратов. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Олег Панкратовдун министрлик кызматтан оставкага кеткени тууралуу 24-майда белгилүү болду.

Панкратов «Клоопко» курган маегинде акыркы учурларда экономика министрлигинин дарегине «реакция кылуу» керек болгон көп сын-пикирлер айтылып жатканын билдирди.

«Мен Экономика министрлигине айтылган сындардын шартында отставкага кеттим. Азырынча келечекке карата пландар жөнүндө билбейм», — деди ал.

Панкратов Экономика министрлигин 2018-жылы жайында жетектей баштаган. Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда вице-премьер-министр болуп иштеген.

Ошондой эле бүгүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев да отставкага кеткен. Ал кызматтан кетишин ден соолугу начарлап жатканы менен негиздеген.

Парламенттин депутаттары өкмөттү, анын ичинде Экономика министрлигин дайыма сынга алып келишет.

23-май күнү парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Олег Панкратовдун адискөйлүгү менен компетенттүүлүгүнө ишенбестигин билдирген. Анын айтымында, аймактарга инвестиция барбай, акчаларды кескин чыгып кетиши байкалууда. Депутат бул жерде түздөн-түз Панкратов күнөөлүү деп эсептеген.

«Экономика министрлиги инвесторлор менен иштебейт. Бул тууралуу бир нече жолу айткам, бирок реакция болгон эмес. Эгер баары ушул бойдон улана бере турган болсо, анда Олег Панкратовдун ээлеген кызматына ылайыктуулугу тууралуу маселе көтөрүп чыгыш керек деп ойлойм», — деди Тазабек Икрамов.

Инвестициялардын азайганы тууралуу депутат Руслан Казакбаев да айткан. Ал инвестиция түшүүлөрүнүн деңгээли 500 милн сомго азайып кеткенин баса белгилеген.

Панкратовду тамеки компанияларынын кызыкчылыктарын сүрөгөнү үчүн сынга алынган. Ошондой эле анын экинчи паспорту бар деп айтып жатышкан.

2018-жылы апрелде Панкратов бул кызматка дайындалып жатканда депутаттардын сынына кабылган. Алар аткаминердин экономика министри кызматын ээлөөгө моралдык укугу жок, себеп дегенде анын айынан кыргыз ишкерлери өлкө ЕАЭБге кошулуп жатканда чыгымга учурашкан деп билдиришкен.