Ош мэриясы муниципалдык лагерди иштетүүгө инвестор издөөнү токтотту

Ош шаардык мэриясы «Жаштык» лагерин иштетүүгө инвестор издөө боюнча сынакты 24-майда токтотту. Буга чейин жергиликтүү бийлик лагерди оңдоп-түзөөгө каражат жетишпегенин жүйө келтирип, аны ижарага берүүнү каалаган. Бирок аталган демилге социалдык тармактарда нааразычылык жараткан.

Фейсбуктун колдонуучулары мэриянын муниципалдык «Жаштык» лагерин ижарага берүү демилгесин сынга алышты. Алар балдардын эс алуучу жайы «сатылып жатат» деп кооптонуп, лагердин оңдоп-түзөө маселесин чечүү үчүн эл арасында марафон өткөрүүнү сунушташкан.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров лагерди ижарага берүү боюнча сынак 24-майда токтотулганын билдирди. Ал шаардык бийлик балдардын эс алуучу жайын мүмкүнчүлүгүнө жараша оңдоп, иштетүүнү улантаарын кошумчалады.

«Лагерь жеке менчикке сатылбайт. Сатылды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт», — деп айтты Абсаттаров.

Инвесторго жарыяланган конкурста «Жаштык» лагери мэриянын балансында калып, инвестор аны ижарага алып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөн кийин иштете турганы айтылган. Ижаранын жылдык баасы болжолдуу 2 млн сомго бааланып, бирок лагерь сынакты жеңген тарапка канча жылга ижарага берилээри белгисиз болгон.

Ош шаарынын балансында жалгыз гана «Жаштык» лагери бар. Ал 1968-жылы курулуп, 2010-жылдан кийин июнь окуясынан жабыркагандар жашап келишкен. 2017-жылы лагердин имараты оңдолуп, балдарды кабыл алууну уланткан. Эс алуучу жай 300 балага ылайыкташып салынган, анын аянты 54 миң 290 чарчы метрди түзөт.