Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары маршруткаларда акысыз жүрө алышат

Ош шаарындагы маршруттук таксилердин бири. Сүрөт: Нуржайна Октяброва / Kloop.kg

Ош шаарында социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн мектеп курагындагы балдары кичи автобуста акысыз жүрө алышат. Мэриянын демилгесин шаардык кеңеш 14-майдагы сессиясында колдоого алган.

Шаардык кеңештин жетектөөчү адиси Кубатбек Жамалов «Клоопко» билдиргендей, мэриянын сунушун депутаттар 14-майдагы сессиясында колдоого алып, токтом 22-майда күчүнө кирген.

«Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына атайын күбөлүктөр берилет. Анын негизинде мектеп окуучуларына маршруттук такси менен жүрүү акысыз болот», — деп түшүндүрдү ал.

Жамалов кошумчалагандай, тиешелүү кызматтар учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектеп жашындагы балдарынын тизмесин тактап жатышат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, калаада аз камсыз болгон 280 үй-бүлө бар. Ал эми 850 бала жакыр жашаган балдар катары катталган.

Ош шаарында 14-майда мектеп окуучуларынын маршруттук таксидеги жол киреси 1 сомдон 5 сомго көтөрүлгөн. Ал эми автобус менен троллейбуста жүрүү акысы окуучуларга 3 сомду түзгөн.