Сот «Ачык саясат» гезитин депутат Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Парламенттин депутаты Кожобек Рыспаев 24-майда «Ачык саясат» гезитине каршы сотту утуп алды. Бишкектин Октябрь райсоту гезитти депутатка 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова чечимди шаардык сотто даттанаарын 24.kgге билдирди.

«Эл өкүлү моралдык зыянды компенсациялоо катарында 300 миң сом сураган, андан кийин акчаны 1 млн сомго чейин көтөрдү. Бирок сот анын мурдагы талабын канааттандырды», — деди Мамытова.

Ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасында эгер анын «Ачык саясат» гезитин жаап сала турган болушса, анда ал «Сасык саясат» гезитин ачаарын жазган.

Депутат гезит менен 2018-жылы августта чыккан макаланын айынан соттошуп жатат. Макалада автор депутаттын бир партиядан башка партияга өтө бергенин айтып, ал «хамелеон» деп жазган. Парламентарий доо арызында төгүндөө сураган эмес.

«Эмне үчүн мен журналисттерден төгүнгө чыгаргыла деп жалынышым керек? Мени эч ким коркута албайт. Мени мазактоого эч кимге жол бербейм!» — деди Рыспаев.

ЖМКларга каршы дооматтар

Май айынын башында Бишкек шаардык соту «Апрель» телеканалы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибековго, саясатчылар Азимбек Бекназаровго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Саясатчылар экс-президент 2018-жылы 10-декабрда «Апрель» телеканалына курган маегинде алардын ар-намысы менен адыр баркына шек келтирген деп эсептешет.

Апрелдин аягында оштук ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом талап кылган. Исаков өз иликтөөсүндө Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемасы тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу боюнча маалыматтарды келтирген. Кийинчерээк Атамбаев доосун чакыртып алган.

Март айында ИИМдин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия Ньюс» гезитинин жана анын башкы редактору Асланбек Сартбаевдин үстүнөн 10 миллион сомдук доо арызын жазган. Бул иш боюнча азырынча сот уланууда.

«Азия Ньюс» гезити менен парламенттин экс-спикер Акматбек Келдибеков да соттошкон. Жылдын башында сот башкы редакторду Келдибековго 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген, бирок саясатчы кийинчерээк материалдык доолорун чакыртып алган.