Атамбаев КСДПНын төрагалык кызматынан кетти

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПны башкарбай калды жана өзүнүн партиядагы мүчөлүгүн токтото турмай болду. Төрагалык кызматтын милдетин үч ай аралыгында депутат Асел Кодуранова аткарып турмакчы.

КДСПнын басма сөз кызматы саясатчы партиядагы мүчөлүгүн «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам токтотконун кабарлады.  Ага ылайык, экс-президент кол тийбестигинен ажырап, кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы ыктымал.

Партиянын саясий кеңешиндеги бошогон орунга Атамбаевдин үзөңгүлөшү Фарид Ниязов шайланды.

Атамбаев КСДПдан кетип жаткандыгын сот анын мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди беж жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгаргандан кийин жарыялады. Атамбаевдин жакынкы санаалаштарына каршы кылмыш иштери соңку жылдар бою козголуп келет.

Мунун бардыгы мурдагы өлкө башчысынын өзүнүн мураскери, президент Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан араздашуусунун шартында болууда.

Президенттердин ортосундагы жаңжалдын айынан өлкөнүн эң ири КСДП партиясы эки жаатка бөлүнүп кеткен. Жарымысы Атамбаевди колдосо, ал эми парламенттеги фракция, айрым депутаттарды эске албаганда Жээнбековду колдойт.