Премьер-министр «Азаттыктын» Матраимовдордун үй-бүлөсү жөнүндө иликтөөсү боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы тууралуу твиттерде анын басма сөз катчысы билдирди.

Текшерүүнү улуттук банк, финчалгын жана финпол жүргүзүшү керек.

«Азаттыктын» журналисттери 29-майда Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги тууралуу иликтөө чыгарышан. Алардын айтымында, буга өлкөнүн түштүгүндө эң таасирдүү деп саналган Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) төрагасы Бакир Таиров ведомство ыкчам маалыматтарды карап чыкканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларындагы ишкерлердин импорт үчүн акчалары чыгарылышы мүмкүн болгон.

«Соодагерлер ай сайын 3 миллион доллардан которуп турушат. Бизде мындай материалдар бар болчу жана биз аларды текшерип жатканбыз. 15-20дан ишкерлер чогулуп, акчаларды чет өлкөгө которушат», — деп айтты Таиров парламентте.

Ошол эле кезде, финпол Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн төрт айдан ашуун убакыттан бери текшерип жатат. 2016-жылы «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдун жакын туугандарына таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү табышкан, бирок ошол учурда анын бир жылдык кирешеси 8500 миң долларды түзүп турган.