Өкмөт башчысы кайрадан Матраимовдордун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-июнда аткаминерлер менен жолугушуу учурунда. Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 4-июнда «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүндөгү фактыларды текшерүү тууралуу кеңешме өткөрдү. Ал иликтөөдө Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылган жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн деп айтылган.

Премьер-министр текшерүүнү кайрадан тездетүүнү тапшырды — так эле ушундай тапшырманы ал 31-майда берген.

Финпол Матраимовдордун мүлкүн дагы деле текшерүүнү улантып жатат — ал дээрлик беш айдан бери уланууда. Текшерүү президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу боюнча башталган.

«Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп “Дордой” жана Кара-Суу базарлары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат», — деди финчалгын кызматынын башчысы Гүламжан Анарбаев.

Абылгазиев тергөөнүн жыйынтыктарынын объективдүүлүгү «талашсыз» болууга тийиш деп айтты.

«Азаттык» 29-майда Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылышына Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеши бар болушу ыктымалдыгы тууралуу журналисттик иликтөө чыгарган. Иликтөөнүн автору колунда жок эле дегенде 250 млн доллардын сыртка чыгарылышын далилдеген ондогон банктык документтер бар экенин айткан.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов бул иликтөөнү «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которгон адамдар менен тааныш эмес экени билдирген.