Мас абалда унаа башкарган судья инспектордун үстүнөн өзү иштеген сотко даттанды — Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаардык сотунун төрайымы Элмира Сулайманова өткөн жылдын аягында жол кырсыгына кабылган. Дайындалган экспертиза анын мас абалында болгонун көрсөткөн. Судьянын унаасы айып короого токтотулуп, айдоочуга карата протокол түзүлгөн.

Жалал-Абад шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн (ЖКККБ) басма сөз катчысы Айбек Сатыбалдиев «Клоопко» Сулайманова инспектор түзгөн протоколду даттанып өзү иштеген сотко арыз менен кайрылганын билдирди.

«[Судьяны] кармаган инспектор тарабынан [Жалал-Абад шаардык] сотуна ишенбөөчүлүк боюнча кайрылуу жасалды, себеби Сулайманова иштеген эле сотто каралып жатат. Ошондой эле башка райондун же облусттук сотто каралышын сурандык. Андан сырткары ошол судья [Сулайманованын] жазылган даттануусу боюнча бизде маалымат эч кандай жок болчу, инспектор дагы маалымдалган эмес», — деди Сатыбалдиев.

Сатыбалдиев соттук отурум 22-январга жылдырылганын кабарлады. Инспектордун ишти башка сотко өткөрүп берүү өтүнүчү канааттандырыла элек.

Ал эми 20-январда өткөн соттук отурум ачык болушу керектигине карабастан, журналисттердин кирүүсүнө тоскоолдук жаратылган. Kaktus.media басылмасынын өздүк булагынын айтымында, сот мындай ыкма менен бул окуяны коомчулуктан жашырып, судьяга протокол түзгөн инспекторго басым жасоого аракет кылып жатат.

Сулайманова өткөн жылдын 30-декабрына караган түнү «Тойота» унаасында «Дэу-Нексия» унаасын сүзүп алган. Окуя болгон жерге жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери барып, териштирүү иштерин баштаганда ал документтерин көрсөтө алган эмес. Унаасын айып короого алып бара жатканда ишти өзүн Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы деп тааныштырган.

Инспекторлор Сулайманываны спирт ичимдигин ичип алгандыгына шек санап, аны наркология бөлүмүнө алып барышкан. Наркология бөлүмүндө судья мас абалында экендиги аныкталган. Окуя башынан аягына чейин жергиликтүү телеканалдын телеберүүсүнө тартылган.

Сулайманованын үстүнөн Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган «Транспорт каражаттарын документи жок айдоо», «Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу» жана «Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу» беренелери боюнча протокол түзүлүп, жалпысынан 24 миң сом айыппул салынган.