Алина Печёнкинанын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Өзү көчөдөгү демонстранттардын жардамы менен бийликке келген президент Садыр Жапаров, дал ошол көчөдөгү демонстранттардын сазайын берейин деген өңдүү. Президенттин тарапташтары, үзөңгүлөштөрү соцтармактарда каршы пикир билдиргендерди ар дайым кодулап, куугунтуктап, авторитардык Конституцияга добуш бергиси келбегендердин көзүн тазалайбыз деп коркутуп жатышат.

2021-жылдын март айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун кескин сынга алган. Анын ошол күнү айткан сөзү соцтармактарда жарыяланган. Ошол эле күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы барагында: «Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын-помощник» деген комментарий жазылган. Дастан Бекешев 6 жашында көзү көрбөй калган.

Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек өлкө башчынын фейсбук баракчасын «бирөөлөр бузуп киргенин» айтып, президенттин атынан жазылган акыркы комментерийлерге «эч кандай тиешеси жок» деп билдирген. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттин жеке баракчасын «өлкө тышынан» бузуп кирүү фактысы боюнча текшерүүнү да баштаган.

Бул версия деле ынанымдуу болмок, бирок бир деталь ага жол бербейт. 10-январда, президенттик шайлоо өткөн күнү, Садыр Жапаров акын Темирлан Ормуковдун сынына жооп кылып, «Фейсбукка» минтип жазган: «Кыргызда жакшы сөз бар: “Көөдөнү сокур экен” дейт». Темирлан Ормуковдун дагы көзү азиз.

Ыза кылган, таарынткан комментарийлер, кемсинтүүлөр, акараттар, ал түгүл саясий оппоненттердин көзүн тазалоого чакырыктарды Жапаровдун тегерегиндеги жанжөкөрлөрдөн ар дайым эле укса болот. Муну аныктоо үчүн биз миңдеген постторду, комментарийлерди, ар кыл группалардагы публикацияларды талдап чыктык. Алардын ичинен жүздөн ашуун публикация оппозициянын, активисттердин, өз укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн дарегине кастыкты козуткан сөздөрдү камтыган. Ушул сыяктуу ондогон посттор Садыр Жапаровдун тарапташтарына жана үзөңгүлөштөрүнө таандык.

Медер Осмонов 2015-жылы Жапаров менен бирге «Мекенчил» партиясынын тең төрагасы болгон. Ал Жапаровдун билдирүүсүн «жактырып» гана тим болбой: «бул өмүрү кыргызга жакшылык кылбай турган бала» деп жазган.

Сөздөн ишке өтүү:

2020-жылдын 9-октябрында Бишкекте үч митинг өткөн — УКТга каршы, туруктуулук үчүн жана Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги. Анда УКТга каршы митинг менен туруктуулук үчүн митингдин катышуучулары биригип, Ала-Тоо аянтына жөө жүрүш менен келишкен. Ал жерде Садыр Жапаровдун тарапташтары менен биригип келген эки митингдин катышуучулары кагылышкан. Адамдарды таш ыргытышып, ур-токмокко алышкан. Кагылышуунун жыйынтыгында саясатчы Тилек Токтогазиевдин башына таш тийип, Темир Сариевдин жансакчысы жарат алган, ал эми Атамбаевдин машинасына ок атылган.

«Мекенин сатканга даяр тургандар»

Түштүк резиденциянын директору жана «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер Санжарбек Төлөнбаев бир видеону бөлүшкөн. Анда конституцияны алмаштырууга каршы чыккан эл аралык, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар «кыргыз элинин душмандары» деп аталган. Видеодо бейөкмөт уюмдар каржылаган ЖМКлар «ар түрдүү журналисттик иликтөөлөрдү жарыялоо менен мамлекеттик бийлик органдарынын терс имиджин жаратууга» умтулушат деп айтылган.

Санжарбек Төлөнбаевдин билдирүүсүнүн скриншоту

Роликтин жаратуучуларынын пикиринде, Кыргызстандын терс имиджин казынаны талап-тоногон чиновниктер жана коррупционерлерди эркиндикке чыгарган укук коргоо органдары эмес, бул тууралуу ачык айткан журналисттер жаратып жатышат.

Сөздөн ишке өтүү:

2019-жылдын 25-ноябрында Бишкектин борборунда болуп өткөн коррупцияга каршы «Re:Акция» жарандык акциясы 1000ден ашуун адамды чогулткан. Митингдин катышуучулары бийликтен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоону жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу иликтөөнүн үстүндө иштеген «Клооп» жана «Азаттык» радиосунун журналисттерин коргоону талап кылышкан. Митингден кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова Фейсбуктагы барагына бул митингге «кыргыздарга эч жакшылык кылбай турган, өлкөсүн сатканга даяр» «Азаттык» радиосунун редакциясы жана «батыштын акчасына сатылгандар» чыккан деп жазган. Бул пост дароо Жапаровдун тарапташтарынын группаларында пайда болгон.

Жазира Таалайбекова «Садыр Жапаров» тайпасына көз карандысыз иликтөөчү-журналисттерди «мекенге чыккынчылыкка» айыптаган экс-депутат Надира Нарматованын жазгандарын бөлүшкөн.

Садыр Жапаров өзү «Азаттык» радиосун «маалыматты бурмалап жатасыңар» деп көп жолу айыптаган. Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалар алдында болгон басма сөз жыйында анын үзөңгүлөштөрү «Азаттыкты» кысымга алганы жөнүндө узатылган суроого болочок президент мындай деп жооп берген: «Фактыларды анча-мынча бурмалап берип жатасыңар. Балким ошол үчүн ошентсе [коркутушса] керек. Башка журналисттерге эч кандай кысым болгон жок. Бул [журналисттер] фейк маалыматтарды таратканы үчүн болуп жатат», — деген Жапаров

2021-жылдын февраль айында Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Кара-Сууда Кыргызстандагы «Азаттык» радиосун жабууну талап кылган митингдер өткөн. Оштогу митингге Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов жана Ильхом Маннанов катышкан.

2021-жылдын январында «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттыкка талапкер Гүлмира Акматова интернет айдыңында «Клооп» басылмасына каршы «чара көрүүгө» чакырган. Акматова 2020-жылы «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, президенттин ант берүү аземинен түз эфирге чыгып, азыркы тапта дагы Жапаровду колдогон билдирүүлөрүн байма-бай бөлүшүп турат.

Ошондой эле ал Жапаровдун жакын адамы экенин барагындагы сүрөттөрүнөн билүүгө болот. «Ой, силер кайсы жакта жүрөсүңөр?» деген суроого ал: «Куран окутуп келе жатканда түшкөнбүз — Садыр Нургожоевичтин атасынын ашынан». Сүрөттүн алдындагы комментарийлерге бардыгы мекенчилдер экенин жазышкан.

Гүлмира Акматованын Фейсбуктагы посту: «Клоопко убагында чара көрүлүшү керек! Булардын балалап кетишине жол бербейли!»

Сөздөн ишке өтүү:

2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодон кийин жаралган саясий кризис учурунда Жапаровдун 30дай тарапташы Sputnik Кыргызстан редакциясынын алдына келип, Садыр Жапаровду колдогон митингди чагылдыруу үчүн кабарчыны жиберүү талабын коюшкан. Бул кишилер эгерде 30 мүнөт ичинде аларга журналист жиберилбесе, «кеңсеге келип, баарын талкалап, күзөтчүнү сабап кетебиз» деп коркутушкан.

Мындан бир нече күн мурун Садыр Жапаровдун тарапташтары «Клооп» басылмасынын журналисттерине жана Kaktus.Media’нын кабарчыларына да кол салышкан.

Эркин Туралиев «Клоопту» жана анын негиздөөчүсү Бектур Искендерди «ууландырууга» чакырган. Бектур Искендерди чет элдик агент деп атап, Хабибулла Абдукадыр, Матраимовдор жана Максим Бакиевге журналистти сотко бергиле деп кеңеш берген.

Гүлмира Акматова Туралиевдин постунун алдына Бектур Искендер тууралуу жазган: «Кебетеси да кантет ай, аялбы же эркекпи? Булар жоголмоюнча, биздин өлкө оңолбойт, ЛГБТнын эмне кереги бар?!»

«Гейлер өлкөдө абалды туруксуздаштырып жатат»

Башка өлкөлөрдө абдан эле нейтралдуу «ЛГБТ», «феминизм», «активист» деген сөздөр Кыргызстанда каргыш сөзгө айланып калды. Алар социалдык топторду жана ишенимдерди белгилөө үчүн эмес, кемсинтүү катары, анын ичинде ачык протестти каралап, анын маанисин жокко чыгаруу максатында колдонулууда. Толеранттыкка жатпаган сөздөр ачык эле айтылат.

Садыр Жапаровдун тарапкери Жазира Таалайбекованын барагындагы пост: «АУЦА, гейлерди, лесбиянкаларды (митингге) чыгарып, алардын укугун коргомуш этип, өлкөнү туруксуздаштырган пикетчилерди чыгара турган жайга айландыбы?!»

Жазира Таалайбекова Садыр Жапаровдун тарапташы. Таалайбекова Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнө демөөрчү болуп, анын үгүт кампаниясына катышкан, өз барагында президентти колдогон билдирүүлөрдөн тышкары аялдардын укугу үчүн марштардын катышуучуларын, көз карандысыз ЖМКлардын редакциялары менен журналисттерин, жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыккандар менен мусулман-шииттерди жаман аттуу кылган ондогон постторду чыгарат.

«Козутуучу» жарыялардын айырмасы эмнеде? Фактылардын жана аргументтердин жоктугу, бүлүк салган жана жаман аттуу кылган лексика, өтө эмоциялуу сөз курамдары, анын максаты — коомдун оюн башкага буруу.

Таалайбекованын дагы бир посту аялдар укугу үчүн маршка чыккан ырчы Зеренин дарегине айтылган коркутууларды камтыйт. Таалайбекова акциянын катышуучуларына маршка чыгууга «тыюу салып», укук коргоо органдарынан мынтип суранган: «ИИМ көңүл бургула бул жакка. Болбосо эл өзүбүз чара колдонобуз». Мунун баары элге «Батыш басып ала электе ойгонгула» деген чакырыктар менен коштолот.

Сезимай Жунусова Ош шаарында өткөн жүрүш жөнүндө пост жазганда «Жылуулукту камсыздоо» муниципалдык ишканасында басма сөз катчысы болуп иштеген. Ал мындай деп жазган: «Оштогу феминисттердин бүгүнкү иш-чарасы. Жоолукчан муслима кыздын позициясына түшүнбөй калдым. Тигилер го, батышчыл, гей, лезбиянка экен. Оронгон кызчы???». Сүрөттө ортодо — Мухайо Абдураупова.

Жунусованын постунан алынган скриншот, түп нускасы материал жарык көрөөр алдында өчүрүлгөн

ЛГБТ тууралуу айтылган сөздөр парламентте дагы кемсинтүү катары кабыл алынат. Жакында эле Жапаровдун жаңы Конституциясынын жактоочусу, конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Райымкулов депутат Дастан Бекешевге карата: «Голубойлорду колдойсуң!» деп кыйкырган.

Кайым айтыш Бекешев коррупцияга шектелип жаткан төрт баланын энеси Жылдыз Чодобаеваны УКМКнын тергөө абагынан бошотууга үндөгөндөн кийин башталган. Бекешев башка коррупционерлерди жеке клиникаларга дарыланууга бошотуп, депутаттар аларды колдогон митингдерге чыгып жаткан чакта Чодобаеваны камерада кармап жатышканын, аялдын күрөөгө бергенге да акчасы жоктугун айткан. Бекешевдин айткандарында кеп Райымбек Матраимов тууралуу болгон.

Мындай сөздөрдөн кийин Райымкулов өзүн кармана албай, Бекешевдин дарегине уят сөздөрдү айткан. Буга чейин Райымкулов Ош шаарындагы Матраимовду колдоо митингине катышкан. Митингде «Азаттыкты» жаптыруу талабы дагы айтылган.

Ачык айтканда, Бекешев да айтылгандарга үндөбөй тим болуп отуруп кала алган жок. «Бир кесиптешим мени гейлерди колдойт деп кыйытты. Расмий айтып коёюн, мен аларды колдогон жокмун, бирок, эгерде тандаш керек болсо, анда ПИ*АРАС коррупционерлерди тандабайм...», — деп жазган ал Instagramда.

Сөздөн ишке өтүү:

15-апрелде ИИМ имаратынын алдында ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин, өлкөдө аялдардын укугунун сакталышын талап кылган митинг өткөн. Митингге жарандык активисттер жана Бишкек шаарынын тургундары чыккан. Алар уурдалып кийин өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы тийиштүү деңгээлде тергелбей жатканын айтышкан.

Бирок тынчтык акциясына чымыр денелүү, олбурлуу, жоон билек кишилер жолтоо кылып, митинг катышуучуларына кол салып, аларга «НПОчулар, гейлер, кыздын өлүмүн колдонуп, өз кызыкчылыктарын коргоп жатышат» деп кыйкырышкан.

Кийинчерээк журналист Болот Темиров ИИМдин алдында өткөн 15-апрелдеги зомбулукка каршы митингди үзгүлтүккө учураткан, бейөкмөт уюумдарга жана ЛГБТга каршы антимитингди уюштургандар штаттык кийимчен милиция кызматкерлери болгонун далилдеген.

Жапаров премьер-министрдин м.а. болуп дайындалгандан кийин Ниязбеков өкмөттөгү кызматтык орунга дайындалган эң биринчи министр болгон.

Социалдык чыдамсыздыкты пропагандалоого бийликчил ЖМКлар дагы активдүү катышып жатат. «Регион ТВ» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов өзүнүн автордук берүүсүндө укук коргоочулар менен бажыдагы коррупциянын бетин ачкан иликтөөчү-журналисттерди «эч убакта өлкөнүн келечегин ойлобогон» «Европа жана Американын долбоорунун актёрлору» деп атаган. Рахмановдун өзүнүн айтымында, «Регион ТВ» президент Жапаровдун досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү.

Жапаровдун тарапташтары акараттардан тышкары түздөн-түз коркутуп-үркүтүүгө өтүп жатышат. Марттын башында, Фейсбуктун бир нече барагында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митингдерге чыккандарга карата «чара көрүлөт» деп, кишилердин бир тобунун атынан убада кылган бир жигиттин видеосу пайда болгон. Бул видеону бөлүшкөн кишилердин баракчаларында «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрүнүн сүрөттөрү, Жапаровдун инаугурациясындагы сүрөттөр, президенттин партиясынан берилген сыйлыктар жана ардак грамоталарынын фотолору табылган. Алардын айрымдары Жапаровду колдогон группалардын администраторлору болуп катталышкан.

«Алты миллион тарапкерим бар, мен аларды көзөмөлдөй албайм»

Көп өтпөй Жапаровдун тарапташтары Конституцияны алмаштырууга каршы чыккан «гейлер менен лесбиянкаларды» жок кылууну убадалаган дагы бир видео пайда болгон.

Ар жекшемби сайын өтүп жаткан «Мыйзамдуулук үчүн» маршынын катышуучусу Нурбек Токтакунов мындай видеолор — өзүнүн тынчтык протестин өткөрүүгө болгон конституциялык укугун колдонгон адамдарга зомбулук көрсөтүүгө түз чакырык деп эсептейт. «Укук коргоо органдары, мындай видеолордун авторлоруна чара көрүүнүн ордуна активисттерди камап жатышат», — дейт ал.

Токтакунов өзү Бишкекте 2-февралга караган түнү кармалган. Кайгуул милициясынын кызматкерлери ал унааны мас абалда айдап бара жатат деген маалыматтын негизинде юристтин үстүнөн «багыттама келген» деп айтышкан. Анализдер тапшырылгандан кийин, Токтакунов коё берилген. Анын организминде алкоголь жана баңгизат табылган эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров тарапташтарынын журналисттерге, активисттерге жана бийликти сындаган социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларына карата айткан ачуу кептерин [] колдобошу мүмкүн деп ишендиргиси келет. «Ал [Садыр Жапаров] жүз пайыз колдоборун ишенимдүү айта алам. Ал андай адам эмес. Ал адилеттүүлүктү туу тутат. Ал эч кимди кемсинтпейт, басынтпайт. Мыйзам барына бирдей. Бардыгы эле эс алганга, иштегенге, эки жакка барганга укугу бар», — деп билдирген Байтерек соцтармактагы билдирүүлөргө комментарий берип жатып. Ошондой эле «Клоопко президенттин позициясын сурап берүүнү убада берген.

Жапаров өзү болсо, тарапташтарынын баарын көзөмөлдөй албасын айткан:

«6,5 млн элден 6 миллиону — менин тарапташтарым. Мен алардын баарын көзөмөлдөй албайм» — деп Садыр Жапаров айткан жана «сөз эркиндиги болот, эч кимди куугунтуктабайбыз» деп кошумчалаган.

Бийлик өкүлдөрү менен лидерлердин социалдык тармактарда жазган же айткан кастык пикирлери белгилүү бир социалдык топтордун дарегине карата көнүмүш адатка айланткан көз караштарды калыптандырып, адамдардын гендер, жынысы, улуту, жашы жана туткан дини боюнча белгилерге байланыштуу терс образын жаратат. Бул мындан ары да, түздөн-түз коркутуу, шыкактоо, андан кийин зордук-зомбулук жана өлтүрүүгө чейин уланышы ыктымал.

Ошондуктан адамдардын сөз эркиндигине жана теңдикке болгон укугу корголгон, ал эми кастык билдирүүлөр — эл алдында айыпталган чөйрөнүн болушу абдан маанилүү деп белгилейт сөз эркиндиги менен алектенген Article 19 эл аралык укук коргоочу уюму.

Адам социалдык тармактардагы коркутуп-үркүтүүлөрдөн, асылуулардан коргоно алар-албасын түшүнүү үчүн, биз «Клооптун» журналисттерине байланышкан публикациялар боюнча арыздандык. Фейсбук мындай аракеттерге көңүл да бурган жок.

Редакторлору: Катерина Резникова, Бектур Искендер жана Анна Капушенко

Вёрстка: Азиза Раимбердиева

Которгондор: Бегайым Талантбекова, Элнур Келгенбай, Алмир Алмамбетов

Материал Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясынын ALDA колдоосу менен Европа Биримдиги берген ресурстарды колдонуу аркылуу даярдалды. Бул материалдын мазмуну үчүн «Клооп Медиа» Коомдук Фонду жеке жоопкерчилик алат жана ал эч бир түрдө ALDA же Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырат деп чечмелениши мүмкүн эмес.