Биз жөнүндө

«Клооп» — маалыматтык сайт, анын көпчүлүк авторлору — «Клооп Медиа» коомдук фондунун журналистика мектебинин окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү.

Ал 2007-жылы журналистикага жаңыдан кадам таштаган бишкектик журналисттер Бектур Искендер жана Ринат Тухватшин тарабынан түптөлгөн.

Ооба, биздин сайтта абдан жаш журналисттер жана редакторлор иштешет, бирок алар саясат, адам укуктары жана коррупция сыяктуу курч темаларды чагылдыргандан коркушпайт.

2007-жылдан бери «Клооп» өз материалдарынын сапаты жана редакциянын көз карандысыздыгы үчүн (анын ичинде «Клооптун» демөөрчүлөрүнөн дагы) бир катар улуттук жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Бирок биз үчүн эң чоң сыйлык — окурмандарыбыздын ишеничи жана тааныганы. Мисалы, Кыргызстанда 2010-жылы апрель айында революция болуп жатканда мындай ой-пикирлер айтылган:

«Балдар, окуяларды акыйкат чагылдырганыңар үчүн рахмат, силер эле калдыңар».

Мындан тышкары «Клооп» — эң абройлуу TED конференциясында баяндамасы бар Кыргызстандагы бирден-бир сайт. «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин сөзүн угуп көргүлө:

Бектур Искендер TED конференциясында

Ушул баяндаманын кыргызча котормосун бул жерден окусаңар болот

Кимиңер болбогула «Клооптун» автору же журналистика мектебибиздин окуучусу боло аласыңар. Ал үчүн төмөндөгү адамдардын бирине жазгыла:

Башкы редактор Эльдияр Арыкбаев: eldiyar@kloop.kg
Мектептин менеджери Нургүл Жуматаева: school@kloop.kg