Тема: Айбек Калиев

УКМК экс-премьер министр Темир Сариевди суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Темир Сариевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы коррупция иши боюнча суракка чакырды. Экс-премьер суракка күбө катары чакырылганын «Клооптун» кабарчысына УКМКнын...

Парламент жылуулук борборундагы аварияны иликтеп бүттү

Парламентарийлер Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептери жана анын жаңыртууга кеткен 386 млн доллардын сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө өз корутундусун даярдашты.

«Парламент саясий өлүккө айланып бара жатат». Исаковдун өз өкмөтүнүн отставакага кетиши жөнүндө негизги билдирүүлөрү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков парламент аны отставкага кетиргенден кийин «Апрель» телеканалына маек курду. Исаков отставка жөнүндө чечимге жана анын ишин сынга алууга кандай реакция кылганын айтып беребиз.

УКМК ЖЭБди жаңыртууда «коррупция» үчүн Улуттук энергохолдингдин экс-башчысын кармады

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Калиев 18-апрелде Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция боюнча кылмыш ишине байланыштуу шектүү катары кармалган. Калиев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Исаков ЖЭБдеги авариянын айынан Улуттук энергохолдингдин жана «Электр станциялардын» башчыларын кызматтан алат

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын айынан «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору Узак Кадырбаевди ээлеген кызматтарынан бошотот.

Калиев ЖЭБди жаңыртуу үчүн аттиштердин кымбат баасын түшүндүрдү, ал эми станциянын экс-директору аны четке какты

Февралдын башында станциядагы бузулуунун айынан кызматынан бошотулган жылуулук борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди жаңыртуу үчүн аттиштердин бир даанасы 320 доллардан сатылып алынганын билдирген.

ЖЭБдин жетекчилиги: Авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткен

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) башчысы Андрей Воропаевдин айтымында, авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткен. Анын айтымында, станциянын начальниги авария болгон күнү «кырдаалды өз убактысында колго ала албай»...

Парламент өкмөттүн жылытуу сезонуна даярдыгын «канааттандыраарлык эмес» деп атады

Депутаттар 1-февралдагы жыйында өкмөттүн жылытуу сезонуна карата аракеттери менен ишин «канааттандыраарлык эмес» деп баалашты. Эл өкүлдөрү өкмөткө жылуулык борборундагы авариядан улам келтирилген зыянды аныктап чыгууну жана жетекчиликтин ишине баа...

Исаков Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албаганын маалымдады

Премьер-министр Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл албаганын билдирди. Өкмөт башчысынын айтымында, Калиевде Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария үчүн күнөөнүн жарымы...

Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн Шадиев менен Калиев да кечирим сурашты

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Бишкек ЖЭБиндеги авария үчүн шаар тургундарынан кечирим сурашты. Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков да бишкектиктерден кечирим сураган. 30-январда Бишкек ЖЭБинде биринчи-вице-премьер-министр...

Окуялар

Башка жаңылыктар

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.