Тема: Бишкек ЖЭБи

Парламенттик комиссия ЖЭБди жаңыртуунун чыгымын иликтеп чыкты

Комиссия жабдуулардын баасы «кыйла жогорулатылып», ал эми Кыргызстандын кызыкчылыктары «жетиштүү түрдө эске алынбаган» деп эсептейт.

УКМК Кулматовго айып такты

Аткаминерди Бишкек ЖЭБде жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн доллар мыйзамсыз пайдаланылгандыгы үчүн айыпташууда.

Депутаттар экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн добуш беришти

Идеянын демилгечиси Исхак Масалиев бул жол менен Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы мыйзам бузуулар үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Депутаттар ЖЭБ боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына байланыштуу эмнелерди талкуулашты?

Талкуу маалында Кыргызстан ЖЭБди жаңыртуу үчүн Кытайдын «Эксимбанкына» 19 млн доллар төлөп берип койгону жана эми дагы 474 млн доллар карыз болуп жатканы белгилүү болду. Эл өкүлдөрү дагы эмне жөнүндө кеп кылышты?

УКМК Кулматовду ТВЕАнын грантынын айынан суракка чакырган

Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду Кытайдын ТВЕА компаниясы мектептин курулушуна бөлгөн гранттын өздөштүрүлүшү фактысы боюнча суракка чакырышкан. ТВЕА Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлүп, андан сырткары, Бишкек ЖЭБди 386...

Депутаттар ЖЭБди жаңыртуу долбоорунан 12 мыйзам бузуу табышты

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны жана аны жаңыртууга кеткен чыгымды иликтеген депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын көрсөттү.

Парламент жылуулук борборундагы аварияны иликтеп бүттү

Парламентарийлер Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептери жана анын жаңыртууга кеткен 386 млн доллардын сарамжалдуу пайдаланылышы жөнүндө өз корутундусун даярдашты.

Күндүн посту: Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн фэйсбук барагында билдирди.

УКМК ЖЭБди жаңыртууда «коррупция» үчүн Улуттук энергохолдингдин экс-башчысын кармады

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Калиев 18-апрелде Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция боюнча кылмыш ишине байланыштуу шектүү катары кармалган. Калиев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

УКМК ЖЭБдеги авария үчүн «Электр станциялардын» экс-башкы директору менен анын орун басарын кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария иши боюнча «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов менен анын экс-орун басары Жолдошбек Назаровду...

Окуялар

Башка жаңылыктар

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.