-4.4 C
Бишкек
15-Декабрь, 2017

Тема: Казакстан

Казакстан: Сот кенчилерге каршылык акциясын токтотууну милдеттендирди

Шахтинск шаардык соту төрт шахтанын кенчилерине каршылык акциясын токтотууну милдеттендирди. Бул чечим кенчилердин өмүрү менен ден соолугуна коркунучту «алдын алуу максатында» кабыл алынды. Шахтинск шаардык соту 14-декабрда «Казахстанская», «Шахтинская»,...

Казак кенчилери аз маянага каршы болушуп, шахталарга бекинип алышты

«АрселорМиттал Темиртау» казак ишканасынын 600дөн ашуун шахтачысы аз айлыкка каршы чыгышууда. Алар жумуш шарттарын шакшыртууну талап кылышып, пайдалуу кен өндүрүү жайларында бекинип алышкан. Каршылык акциясы 11-декабрда Караганда облусунда башталган. Башында...

Абдыгулов: Кыргызстан ДСУдан Казакстанга карата берген арызын чакыртышы мүмкүн

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясы менен Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстандын чек арадагы аракеттерине катара берген арыздарын чакыртышы мүмкүн. Абдыгулов чакыртууга эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча...

Кыргызстандын чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жок

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, казак чек арачылары мурдагыдай иштөө тартибине өтүшүп, чек арада жүктүү унаалардын тыгындары жоголгон. Кырдаал эки өкмөттүн ортосундагы «жол картага» кол коюлгандан кийин жакшырган. Кыргызстандын чек...

Кыргыз делегациясы чек ара боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Астанага учуп кетти

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Астанага вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов баштаган кыргыз делегациясы учуп кетти. Ошондон кийин казак делегациясы «жол картага» кол коюу үчүн Бишкекке келиши керек. Өкмөттүн...

Президенттик администрация Бакиевдин казак телеканалына берген маегин изилдейт

Сооронбай Жээнбековдун президенттик администрациясынын басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, кулатылган президент Курманбек Бакиевдин «Хабар» казак телеканалына курган маегин изилдеп, бул боюнча кийинчерээк комментарий берет. Президенттик администрациянын басма сөз катчысы...

Казак ЖМКлары Кыргызстандагы ыктымал 2010-жылдагы окуялар жөнүндө даректүү тасманын трейлерин көрсөтүштү

Коомдук желелердин казак сегментинде Кыргызстандагы ыктымал 2010-жылдагы окуялар жөнүндө жарыя кылган «даректүү тасманын» трейлерин таркатышты. Анда «апрель ыңкылабына» карата Казакстандын президентинин администрация башчысы Адилбек Жаксыбеков баяндама жасайт. Казакстандын президенти Нурсултан...

Казак аткаминерлери «Викиликске» таянып Атамбаев жөнүндө «психикалык оорулуу» деп жазышууда

Казакстандын сенатынын спикери Касым-Жомарт Токаев өзүнүн твиттеринде Алмазбек Атамбаевдин «психикалык оорулуу экени менен алкоголго берилгенин» жазган. Казак аткаминери «Викиликске» таянып жазган, бирок ал жакта мындай маалымат жок.

Кыргыз-казак чек арасы: Кезекте 600дөн ашуун жүктүү унаа турат

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүктүү унаалардын санынын көбөйгөнү тууралуу билдирди. «Ак-Тилек» көзөмөл бекетинде 400дөн ашуун оор жүк унаасы турат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык,...

Казакстанда уурдалган машина Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкеринен «табылганы» айтылууда

Казакстандын жаранынын «Лексус-LX570» үлгүсүндөгү машинасын 2017-жылдын февралында Алматынын автобазарынан уурдап кетишип, кийинчерээк ал Кыргызстандан табылган. Казак полициясынын маалыматына ылайык, жолтандабасты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери айдап жүргөн....

Окуялар

Башка жаңылыктар

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.