Тема: мектеп

Өзбекстан Ош шаарына мектеп курат

Парламент Өзбекстандын каражатына 630 орундуу мектептин курулушун жактырды. Курулуш бүткөндө мектепти акысыз түрдө Кыргызстанга өткөрүп беришет. Кыргызстан менен Өзбекстан 630 орундуу мектептин курулушу боюнча келишимге 2017-жылдын 28-июлунда кол коюшкан. Кыргыз бийлиги...

Бишкек: Мектептер менен бала бакчалардын тушунда рельефтүү өтмөктөр орнотулат

Бишкек бийлиги мектептер менен бала бакчалардын тушуна «жаткан полициянын» функциясын аткарган жөө кыяларды орнотууга убада берип жатат. Рельефтүү жөө кыяларды орнотуу иштери Бишкекте башталды. Мындай «зебралардын» бири Сүйөркулов көчөсүндөгү №17...

Билим берүү министрлиги: Окуучуларды кечиккени же формасы жоктугу үчүн сабактан кууп чыкканга болбойт

Билим берүү министрлиги Кыргызстандын мектептери үчүн кеңештерди иштеп чыкты. Аларга ылайык, окуучуларды кечиккени жана мектеп формасынын жоктугу үчүн сабактан кууп чыкканга болбойт. Окуу планына кирбесе, аларды кезмет үчүн сабактан...

Ысык-Көл: Айылдык мектеп өрттөнүп кетти, каза болгондор жана жабыр тарткандар жок

17-декабрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы Көк-Мойнок-2 орто мектеби өрттөнүп кетти. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок, айылдын жашоочулары техникалардын, эмеректердин жарымын жана окуу куралдарын алып чыгууга жетишишкен....

Нарын: жер титирөөдөн кийин окуучулар чатырларда окууга мажбур

Нарын облусунун үстүбүздөгү жылдын 5-февралындагы жер титирөөдө Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы Суйунбек Атамбеков атындагы орто мектеп жараксыз абалга келген. Аталган мектептин окуучулары аба-ырайынын сууктугуна карабастан 30 орундук чатырларда...

Ош мектептери: Жол коопсуздугу боюнча атайын сабактар өтүлгөн жок

ИИМ Ош шаарындагы мектеп балдары үчүн жолдо жүрүү эрежелери боюнча атайын сабактарды өтүлүшү керек экендигин белгилейт. Ал үчүн атайын жол кыймылынын инспекторлору сабак өтүшү керек болсо, мектеп окуучулары эч...

«Манастаануу» сабагын киргизүү өкмөт жана мектептердин ортосунда талаш-тартыш ойду жаратты

Жаңы окуу жылынын башталышы менен катар эле өлкөнүн аймагындагы орто билим берүү жайларында “Манастаануу” сабагы киргизилди. Буга кээ бир мугалимдер жана окуучулар каршы оюн айтышууда. Министирликтин белгилешинче мектептерде бул...

Бишкек мэриясы: Окуучулардан ашыкча акча алган мектептер жазаланат

Мэрия алдындагы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагуль Ниязованын айтымында Бишкектеги кээ бир орто билим берүү жайлары окуучулардан ашыкча каражат алышат деп кабарлады. Анын айтымында мындай мектептердин жетекчилиги жумуш ордунан...

Кадамжайдагы төрт мектептин окуучулары жер титирөөдөн улам чатырларга жайгаштырылат

Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда болгон жер титирөөдөн кийин Баткен облусундагы Кадамжай районундагы төрт орто билим берүү имараттары жараксыз деп табылган. Район акими белгилегендей жабыркаган мектептин окуучулары эми чатырларда билим алышат....

Кадамжай жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилүүдө

Баткендин Кадамжай районунда жер титирөөдөн ураган социалдык объектилерди кайра ондоп-түзөө иштери жүрүп баштады. Аймактык оорукананы жасоого 1 миллион сом каражат бөлүнүп берилди дейт райондук аким. Кадамжай районунун акими Тохтомат Ганиев,...

Окуялар

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.