Тема: Рыскелди Момбеков

«Биздин эки лидерибиз». КСДПда эмне болуп жатат?

Апрелдин аягында КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үч төрага орун басарлары шайланды. Алар мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана депутаттар Асел Кодуранова менен Мурадыл Мадеминов.

Күндүн цитатасы: Депутат Момбеков өкмөттүн алмашып атканы жөнүндө

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы өкмөттүн курамы менен министрликке талапкерлердин жаш курактарына нааразы экенин билдирди. Мурдараак парламент жана президент Сапар Исаковдун отставкасын жактырган.

Парламент башында Абылгазиев турган жаңы өкмөттүн курамын жактырды

Эл өкүлдөрү өкмөт башчылык кызматка жалгыз талапкерди бекитишти. Ал көпчүлүк коалициясы чыгарган Мухаммедкалый Абылгазиев.

КСДП Сүйүмбаевдин финполго дайындалышынын айынан Исаковго каршы добуш берген

КСДПнын депутаттары эмне үчүн Сапар Исаковдун өкмөтүнө каршы добуш беришкенин түшүндүрүштү: ал Болот Сүйүмбаевди финполдун жетекчилик кызматынан дайындаган, бирок буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков аны УКМКнын төрага орун басарлыгынан...

Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө вотуму. Депутаттардын түшүндүрмөсү

Парламент Сапар Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши үчүн добуш берди. Бул материалда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кеңештин депутатттарынын биринчи реакциялары чогултулду.

«Ачуу чындык». КСДПнын эл өкүлдөрү Атамбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшүштү?

Эл өкүлдөрү жолугушууда кеп партиянын ички маселелери менен азыркы жана мурдагы президенттердин ортосундагы келишпестиктер жөнүндө болгонун айтып беришти.

Фарид Ниязов КСДПнын төрага орун басарлыгынан кетип, «Апрель» фондусун жетектей баштайт

Экс-президент жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев бул фракциянын 19 депутаты менен жолугушууда Фарид Ниязов партиянын төрага орун басарлык кызматынан кетээрин айтты. Ниязов Аксы окуясы менен апрель революциясына катышкандарга жардам...

Депутат Кытайдын Компартиясынан КСДП 1 млн сом алганын билдирди

КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы анын партиясына жардамга 1 млн сом бөлүп, бул акчанын коротулганы боюнча отчет берүүнү өтүнгөнүн билдирди. КСДПнын саясий кеңеши бул маалыматты четке кагып,...

Парламент Исаковдун өкмөтүнө төртүнчү вице-премьер-министрди жактырды

Парламенттин депутаттары Санжар Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьер-министрлик кызматка жактырышты — ал экономика тармагына жооптуу болот. Муканбетовду вице-премьер-министр кылып 10-январда парламенттин жыйынында шайлашты — ал үчүн 120 депутттын ичинен 98и добуш берген. Сапар...

Депутаттар калпак кийгизилген иттин ээсин жоопкерчиликке тартууну талап кылышты

Парламенттин депутаттары «БишкекПарктагы» көргөзмө учурунда өз итине калпак кийгизген кыз «сыйлабастык» көрсөттү жана жазага тартылышы керек деп эсептешет. Алардын пикири боюнча, УКМК менен Башкы прокуратура бул маселени изилдеп, өлкөнүн...

Окуялар

Copy Protected by Chetan's WP-Copyprotect.