Иштеген өспүрүмдөр үчүн Бишкекте жайкы лагерь ачылат


«Өспүрүмдөргө балалык тартуулайбыз» аттуу лагерь 1-июлда Бишкектеги №43 мектепте старт алат. Лагерди уюштуруучу «Доор эли» комдук бирикмесинин өкүлдөрү билдиргенине караганда, лагердин катышуучулары Бишкек шаарында иштеген, орто билим албай калган балдар болот.

Жайкы лагерге орто билим алууга мүмкүнчүлүгү жок болгон, иштеген жана ат-эненин мээриминен ажыраган өспүрүмдөр барат.

«Лагерь №43 мектептин имаратынын бир бөлүгүндө 2 айга жайгаштырылат. Анын негизинде адамдын калыптанышына жардам берген ар түрдүү психологиялык тренингдерди өткөрөбүз. Андан тышкары белгилүү инсандар менен жолугушуу уюштуруп, спорт, маданият иш-чараларын уюштуруп, балдарды жакшы кино тасмаларына да алып барабыз», — деди «Доор эли» коомдук бирикмесинин мүдүрү Султаналиева.

Ак-бата, Ак-тилек, Ак-жар, Дордой-1, Дордой-2, Келечек, Энесай жана Дордой базарынын айланасындагы конуштарда жашаган жалгыз бой энелер менен да психологиялык жактан иш алып барууну уюштуруучулар максат кылууда.

«Созсүз түрдө ата-энелер баланын инсан болуп калыптанышында чоң ролду ойнойт. Айрым ата-энелер өз балдарын материалдык жактан камсыз кыла албагандыгынан улам мектепке барешпейт. Бирок ата-энелер бүт күч-аракетин баласын окутууга жумшаса, алар балким кедей жашоодон арыла алат. Биз ушул жолго аларды үндөгөнгө аракет кылабыз», — деди жетекчи.

Балдарга эс алуу кажет

Балдарды коргоо борбору Кыргызстанда 1998-жылдан бери иштеп келет. Борбор көчө балдарына жардам берип, алардын укугун коргоонун үстүндө иш алып барат. Жашы жете элек өспүрүмдөрдү коргоо боюнча адис Фатима Алаярованын айтымында, жайкы лагерь иштеп аткан балдарга эс алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

«Бул лагерде атайын түзүлгөн программанын негизинде балдар үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр тузүлөт», — деди Аллаярова.

Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов иштеген өспүрүмдөргө атайын эс алуу жайын уюштуруу демилгесин колдоду.

«Ар бири бала билим алууга, эс алууга жана бактылуу балалыкты өткөрүүгө укуктуу. Ошол себептен мен бул лагердин уюштурулуп жатканына абдан ыраазымын», — деди министр.

Бишкек шаарынын тургуну Азамат Адигинеев балдар лагерден жөн гана эс албастан, билим да алаарын баса белгиледи.

«Башка балдар сыяктуу эле бул балдар да билим алып, бир нерсени үйрөнүп калышат», —деди Адигинеев.

Ал эми Бишкектин дагы бир тургуну Эрмек Эсенгулов базардагы араба түрткөн балдарга сөзсүз түрдө эс алуу керек дейт.

Кыргызстандагы балдар эмгеги

«Эл пикири» коомдук пикирди изилдөөчү борборунун өткөргөн ишинин жыйынтыгы боюнча, өлкөдөгү 40 миңден ашуун балдар мектепке барган эмес. Бул изилдөө 2007-жылы өткөрүлүп, окубай калган балдар жалпы өспүрүмдөрдүн 4% түзөт. Бирок көп бей өкмөт уюмдар билдиргендей бул цифра реалдуу түрдө караганда 3 эсе жогору, тактап айтканда, Кыргызстандагы балдардын 14% билим албай жүрөт.

Алаярованын айтымында азыркы тапта Кыргыстанда окубаган балдардын так статистикасы жок.

«Эч ким бизге так статистиканы бере албайт. Балдар бир күн Ош базарында иштесе, бир күнү Дордойдо иштейт. Аларды биз да санап, так санын чыгарып көрөлү дегенбиз, бирок андай болбойт экен», — деди Алаярова Kloop.kg порталына берген маалыматында.

Эл аралык уюмдар балдардын иштегени өлкөдөгү экономикалык дестабилдүүлүктүн кесепетинен улам келип чыкканын билдирет.

Балдардын укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен сакталат деп эл аралык конференцияда айтышкан. Бирок өлкө аны 1994-жылдын 12-январында ратификациялаган. Анткени алардын ою боюнча балдардын жумуштуулугу элге керек.

Негизинен Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, оор өнөр-жай, үй жумуштары жана Физикалык күч тармактарында иштешет.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева