Кыргызстанда Борбордук Азия боюнча эң масштабдуу пикир-айтыш турнири өтөт


«Кубок Айтматова» аттуу эл аралык турнирдин негизинде Ыссык-Көлдө 100- ашуун дебаттык командалар чогулат. Ал 21-сентябрдан, 25-сентябрга чейин уланып, ар кыл өлкөлөрдөн дебатерлор келет. Бул иш-чаранын уюштуруучусу эл аралык «Дебат» дебаттык билим берүү ассоциациясы болду.

Алтынай Джумашева, Эл аралык дебаттык билим берүү ассоциациясынын [IDEA] Борбордук Азия боюнча жергиликтүү координатору. Анын айтымында, Ыссык-Көлдө өтө турган иш-чарага дүйнө жүзүнүн баардык булуң-бурчунан катышуучулар чогулат. Эң негизгиси алардын баардыгы орус тилинде сүйлөй билиши абзел.

Джумашева билдиргендей, эл аралык дебаттардын биринчи максаты Кыргызстанды эл аралык деңгээлге чыгарып, таанытуу жана өлкөдөгү дебаттарды популяризациялоо болуп эсептелет.

«Дебаттардын деңгээлин биз ар мамлекеттерден келген катышуучулар менен биргеликте көтөрөбүз. Мыкты деп эсептелген орус тилдүү дебатерлор жана эл аралык тренерлер командасы келип, аларды окутуп-үйрөтөт. Бул жолугушууда оюн аркылуу дебаттарды жүзөгө ашырып, дебаттар кандай болоорун көргөзүп беребиз. Баары бүткөн соң орто Азиянын элдери дүйнөлүк деңгээлге чыгат деген ойдомун», — дейт өз сөзүндө координатор.

Джумашева билдиргендей дебаттардын Кыргызстанда өткөрүлүп жатышы, сөз эркиндигине жакшы таасир берет.

«Бул иш-чарада өлкө бийлигинин көз-карашы абдан салактуу. Анткени бизде темаларды тандоодо аларга чек койбойт. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар», — деп билдирди Джумашева.

Кыргызстандык дебатер Нурбек Абдалиев Kloop.kg порталына берген интервьюсунда эл аралык турнирге болгон көз карашын айтты.

«Чоң дебат Кыргызстандын аймагында биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Ар кандай өлкөлөрдөн жаштар чогулганы мени кубантпай койбойт», — деди Абдалиев

Дебат ассоциациясы

Эл аралык билим берүү дебаттык ассоциациясы IDEA 1989-жылы, сөз эркиндигин кеңейтүү, толеранттуулук жана коомдун ачык-айкындыгын колдоо максатында уюшулган.

Ал пайда болгондон бери IDEA, майда дебаттык клубдар кеңейип, дүнөлүк дебаттык уюмга айланган. Ага 27 өлкөнүн ичинен 70 миң мектеп окуучулары, 15 миң студент, 13 миң мугалим
катышкан.

IDEA дебаттарды Борбордук Азия, Чыгыш Европа, Азия жана Гаитиге киргизген. IDEA мындай масштабдуу дебатты Борбордук Азияда биринчи жолу уюштурду.

«Дебат» термининин аныктамасы

«Дебат» термини ангил тилиндеги «debate» сөзүнөн алынган. Белгилүү бир маселе боюнча эки адам эки башка ойду бири-бирине айтат. Дебатерлордун ар биринин башкы максаты өзүнүн айткан ою туура экенин тастыктап, аныктап берүү болуп эсептелет.

«Википедия» эркин энциклопециясы боюнча «Дебат» сөзүнүн түпкү тамырында эл алдында айтыла турган, эки адамдын так түзүлгөн ою менен пикир алмашуусу же актуалдуу темага болгон эки кишинин ар башка көз карашы.

Дебаттар коомдук дискуссиянын бир түрү. Анда катышуучулар бири-бирин гана эмес үчүнчү адамды дагы анын позициясы туура экендиги менен ынандыруу. Белгилүү бир тыянак чыгарылыш керек, угуучулар арасында позитивдүү бул же тиги маселе боюнча позитивдүү ой калуусу зарыл.

Дебат өткөрүүнүн мазмуну келтирилүүчү аргументтердин тактыгында, фактылык чыңдоодо жатат.Аудиторияга эмоцианалдык түрдө басым жасоо жана командалык линиянын так аныктамасы.

Биринчи телевизиондук дебат 1960-жылы АКШдагы президенттик шайлоо алдында Джон Кеннеди жана Ричард Никсон ортосунда болгон.

Автор: Бегайым Джуманазарова
Которгон: Кундуз Исмаилова