Депутаттарга эл аралык отчетту түшүндүрүү үчүн Киммо Кильюнен Кыргызстанга келет

Өлкөдөгү июнь окуясын иликтөө боюнча Эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Кильюнен, ЖКнын депутаттарынын чакыруусу менен, Кыргызстанга отчетту тушундуруп берүү максатында келет.

Бул тууралуу "Эркин Европа" радиосу билдирүү жасады. Киммо Кильюнен депутаттарды эмне үчүн мындай отчет жасагандыгы тууралуу маалымдайт.

Жогоку Кеңештин депутаттарынын айтымында, азырынча Кильюнен расмий түрдө өзүнүн Кыргызстанга келүүсү тууралуу кабар бере элек.

Эл аралык комиссия 2011-жылдын 3-майында жарыялаган өзүнүн отчетунда, Ош жана Жалал-Абадтагы өзбек конуштарынын кээ бирине болгон ок атуу «Адамзатына каршы кылмыштуулук» деп атаган.

Отчет Кыргызстандын парламенти тарабынан кабыл алынган эмес. 26-май күнү эл өкүлдөрү Кильюненди «нон-грат» адамы деп атаган.

Бирок депутаттардын бул чыгарган чечимине бир аз убакыттан соң президент Роза Отунбаева каршы чыккан.

Которгон: Кундуз Исмаилова