Бишкектин түштүк тарабындагы кичи райондор интернетсиз калды


Калаанын түштүк тарабынынн жашоочулары АТС-54 болгон өрттөн улам 23-июлдан тартып интернетсиз калды. Интернет баракчаларына кирүүгө жүздөн ашуун компаниялар жана миңдеген колдонуучулар мүмкүнчүлүк ала алган жок.

«Кыргызтелеком» улуттук байланыш операторунун пресс-кызматчысы Арзымат Алдаяров, Kloop.kg порталына берген маалыматында, интернеттин жок болушу 54- автоматтык телефон станциядагы өрттүн чыгышы менен байланыштуу дейт.

Бул станция 3 жана 4 кичи райондон башка Бишкектин түштүк тарабындагы баардык интернет байланыштары үчун жоопту дейт ал.

«Өрттөн улам интернет-провайдерлердин бөлмөсү күйүп кетти. Үч күндөн бери кайра оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө», —деди пресс-катчы.

Күйүп калган жабдыктар үчүн провайдерлер өзүлөрү жоопту. Алдаяровдун айтымында, өрт «Кыргызтелекомго» залалын келтирген эмес.

«Биздин жабдыктар ал жерде орнотулган эмес. CDMA 450 стандартындагы сервер күйүп, ошол күнү дал ушул байланыштагы
абоненттердин чалууларында кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралган», —деген түшүндүрмө берди Алдаяров.

Пресс-катчынын билдиргенине жараша, АТС- акыркы өрт 2009-жылы катталып, анда «Кыргызтелеком» борбордук аппаратында бир аз түтүн башталган.

«Акыркы беш жылдын ичинде АТС-54 бир дагы өрт катталган эмес», — дейт Алдаяров.

«Миңдеген тургундар интернетсиз»

«Элкат» ири провайдеринин кызматкери Улан Толубаевдин айтымында, жүздөн ашуун компания бир күн интернетсиз калган.

«Убактылуу калыбына келтирүү иштерин биз жүргүздүк. Толук оңдоп-түзөө иштери бүтө элек. Мындай учурлар бизде 2009-жылы болгон», — деди Толубаев.

«Хоумлайн» компаниясы да Бишкектин түштүк тарабы интернетсиз отурганын кошумчалады.

«Азыркы тапта серверлердин жарымы калыбына келтирилди, эми дагы экинчи бөлүгү бар», — дешет компаниянын кызматкерлери.

«Мегалайн» интернет провайдери бул окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок бул компаниянын кызматы менен колдонуучулар, «Твиттерге» алардын үйлөрүндөгү интернет дем алыш күнү эртең менен пайда болгондугу тууралуу жазышкан.

«Жекшемби күнү эртең менен интернет 7-8 кичи райондордо кайра пайда болду», — деп жазган колдонуучу MISwetka.

Редактор: Анна Лелик
Которгон: Кундуз Исмаилова