Халал Кыргызстанда шарияттын эрежелерине шайкеш текшерилет


Курандын негизинде иштелип чыккан нормага ылайык, Малайзия касапчылары халал этин өндүргөн стандартка Кыргызстан да кошулду дейт экономиканы жөнгө салуу боюнча министирлиги. Бирок этти текшере турган органдын аты, азырынча белгилүү эмес.

Экономиканы жөнгө салуу министирлигинин халал индустриясын өнүктүрүүбоюнча бөлүм башычыс Урмат Жолдошев, Малайзиялык стандартты кабыл алуу демилгесин ишкерлер өзү көтөргөн.

«Ислам конференциясынын уюмуна кирген өлкөлөрдө, Малайзиялык стандарт боюнча иш алып барышат да, аталган уюм бул нормаларды элге көп сунуш кылган», —деди ал.

Жолдошевдин айтымында, жаңы стандарт өндүрүлүп жаткан эт
продукциясынын сапатын шариятка ылайык текшерүүгө өбөлгө түзө алат.

Бирок бүгүнкү күндө аны шариятка ылайыктап текшере турган бөлүм кайсы болоору аныктала элек.

«Азырынча кандай, кантип көзөмөл жүргүзө тургандыгыбыз билине элек. Биринче кезекте биз дин кызматкерлери жана өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүү жүргүзөбүз», — деди министирликтин кызматкери.

Экономиканы жөнгө салуу министирлиги билдиргендей, Малайзиялык стандарт боюнча белгилүү бир гана ишканалар кызмат аткарат. Алардын катарына өндүргөн продукциясын халал катары саткандар кирет.

Малайзия стандарты боюнча халал индустриясында өндүрүшкө болгон жалпы талаптар коюлган. Имараттын тазалыгы, идиш-аяк жана өндүрүлгөн этти таркатуу, тиешелүү ордуна чейин таза жеткирүү, сактоо боюнча эрежелер каралган.

Оштогу касапчылык цехинин жумушчусу Ислом Акрамовдун айтымында, малды союуу боюнча алардын цехинде иштердин баары нормаларга тиешелүүжасалат. Малды биринчи байлап, Меккеде жайгашкан ыйык Кааббаны көздөй бурабыз дейт ал.

«Малды мууздоо алдында: «Бисимилляхи, Аллаху Акбар» сөзүн айтып коюуу абзел, — дейт Акрамов.

Халалга өтүүнү ойлонушкан жок

Колбаса өндүрүү боюнча «Шер» депортаментинин мүдүрү Игорь Кузнецов, ишкана Малайзиялык стандартка кошулбай турганын айтат.

«Менин билишимче, аталган стандартка ылайык Кыргызстанда
мусулманчылыктагы баардык мыйзамдардын аткарылышына эч ким күбө боло албайт. Маселен бизде тиешелүү деңгээлдеги көзөмөлдөө жок», — деген пикирде Кузнецов.

Оштогу «Хот ти» орус ашканасынын ээси Анжелика Парандаева, халал продукциясын өндүрүүчүлөр ошол нормаларды сактай тургандыгына көзү жетпегенин билдирди.

«Малды касапчылар мууздап жаткан мезгилде алардын жанында турбайсың да. Эч нерсе көрбөй туруп, мен этти халал деп айта албайм. Ал эми продукциянын тышында жазылып турган «Халал» сөзү баарын айкын түшүндүрбөйт. Ошондуктан мен өз көзүм менен куран окулганын көрбөйүнчө, ишенбейм. Ар бир адам кандай түрдөгү тамак-ашты колдоноорун өзү чечет», — деп оюн түшүндүрдү ашкана ээси.

Эксперттер ар-сар болууда

Дин жаатындагы көз карандысыз эксперт Кадыр Маликов, халал этин өндүргөн жеке сектордун ишине толугу менен ынанбайт.
«Алардын халал сатаарына мен анча деле ишенбейм, бул сөз жөн гана бренд катары колдонулат. ал диний багытта колдонулуп, баардык эле жерде кардарлардын суроо-талабын жаратат», — деди Маликов.

Малайзиялык стандарт боюнча чыгарылган продукция элдин туура
азыктануусуна бирден бир себеп болоорун эксперт баса белгиледи.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак өлкөдөгү диний көз караштардын көптүгүн эске алуу менен, элге тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү керек дейт.

«Биздин коомчулук көп тараптуу. Кээ бири баардык продукциялар халал стандарттарына ылайык болуш керек десе, кээ бири башка кызыкчылыктарды колдойт», — деди укук коргоочу.

Оштогу «Манас-Ата» мечитинин молдосу Закир молдо Ахматалиев, жаңы стандарттын киргизилишине каршы оюн билдирет.

«Чет өлкөлөрдө бул модага айланган. Мамлекет эмне кылаар айласын таппай, эми ушуну ойлоп тапты. Мындан башка бизде толтура чечилбей жаткан маселелер бар. Диний иштерди оюнчукка айлантып болбойт», — деди молдо.

Тургундардын ою

Оштун тургуну Салахиддин Дадажанов, халал продукциясияларынын өндүрүш сапатын текшерүү туура деп эсептейт. Анын оюнда бул рухий тазаланууга жол ачат.

Караматхон Жоробаева, тамак-аштын тышында халал деген жазууну көрүп, ишеним менен сатып алаарын айтат.

«Эгер алар бизди алдаган болсо, дал ошо сатуучулар эт продукциясын көзөмөл кылуу кызматынын алдында жооп берет», — деди Жоробаева.

Ульяна Симагина Ош шаарынын тургуну. Ал халал деп аталган колбасаларды колдонбой турганын айтты.

«Биз халал колбасаны албайбыз. Бир жолу алып жеп көрүп, даамын анча жактырган жокпус», — деди Оштун тургуну.

«Халал» араб тилинен которгондо, «уруксат берилген» деген маанини берет. Уруксат берилгендин баары — халал, ал эми тыюуу салынгандын баардык мусулмандар — харам деп түшүнөт.

Шариат — бул исламдын диний-укуктук, адеп-ахлактык нормасы. Бул түшүнүктөр «түбөлүктүү жана алмаштырылгыс» эң жакшы түшүнүктөр катары эсептелинет.

Редакторы: Айзат Шакиева жана Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова