Блоггер Варламов коопсуздук министрлигинин сайтын бузган эмес


31-августта Орусиянын Твиттер колдонуучуларынын көбү, Кыргызстандын коопсуздук министрлигинин сайты блоггер Илья Варламовдун кылган ишинен улам кыйрады деген маалымат таркатышты. Ал эми аталган кызмат эчи кандай бузуулар болбогондугу тууралуу кабар беришет.

Орусиянын белгилүү блогчуларынын бири Илья Варламов 31-августта твиттерге синсатциялуу жаңылык жазган. Анда ал Кыргызстандын коопсуздук министрилигине караштуу интернет сайтына каршы Дидос колдонуп, баарын бузуп атканын билдирген.

«Кыргызстандын коопсуздук министрлигинин сайты – http://www.mil.kg/ Өзгөчө сайт! Кирип, оюн издегиле!», — деп блог алып баруучу @varlamov. Жазган.

Бир аз убакыттан кийин ал экинчи билдирүү жөнөткөн.

«Кыргыз коопсуздук министрлиги дагы деле иштеп атат. Туура эмес», — деп белгилеген Варламов.

Андан көп өтпөй @xaoc25 аттуу башка колдонуучу аталган сайт иштебей калганын айткан.

«Бүттү кыргыздардын коопсуздук министрлигинин саты иштебей калды! @varlamov, тентек!» — деген ал «Твиттерге».

Бул маалыматтардын баардыгы жалган экенин коопсуздук министрлигинин пресс-кызматы кабарлап, сайт өз калыбында иштеп жатканын баса белгиледи.

«Кечээ эгемендүүлүк күнүнүн 20-жылдыгы болуп, биздин кызматтан эч ким жумушка чыккан жок. Менин билишимче 30-августта эле биздин сат иштеп аткан. Бузулган учурда деле аны оңдогон киши жок да», — деди пресс-катчы.

Ддос-атака бул сайттын белгилүү бир техникасына келтирилген оорчулук. Аны кайра-кайра жүргүзо берсе сайт иштебей калат.

1-сентябрга карата Коопсуздук министрлигинин интернеттеги баракчасы күндөгүдөй эле иш алып барууда.

Блоггер Варламов

Илья Варламов Орусия боюнча эң белгилүү сүрөт блоггери болуп эсептелип, твиттердеги окурмандарынын арасында үчүнчү орунда туруп, федерациянын аймагында абдан эле белгилүү жаш жигит.

Анын окурмандарынын саны бүгүнкү күндө 30146 колдонуучуну түзөт.
Кыргызстандын коопсуздук министрлигинин сайты Варламов иштетпей салууша аракет кылган бир эле интернет баракчасы эмес.

Блоггер Грузия жана Белоруссиянын да министрликтерине тиешелү сайттарды иштетпей салуу аракетин көргөн.

«Белоруссиянын министрлигинин сайтына болгон ддос-атака жемиштүү болуп, бадар оюнсуз калды!», — деп мындан мурун Варламов өз баракчасында жазган.

Твиттердин бир нече колдонуучулаы Варламовдун бул демилгесин колдогон.

«Сенсация! @varlamov ынтымактуу белоруссиянын сайтына каршы DDoS-атакасын баштады!!!», — деп жазган колдонуучу @kvazista.

Илья Варламов мындан тышкары белгилүү фотоблоггер. “Жандуу журналда” ал “Сүрөт саякаты жана дагы...” деген блогду алып барат.

Варламов коомчулук топтолгон жерлерде сүрөткө тартуу макулдугун алуу боюнча күрөшкөндөрдүн арасында эн активдүү катышат.

Ошондой эле 27-жашаар блоггер белгилүү жеке ишкер жана «Icube» компаниясынын жетекчиси. Компания бир жыл ичинде 3 миллион АКШ долларын киреше кылган.

Редакторлор: Диана Рахманова жана Илья Каримджанов
Автор: Бегайым Джуманазарова
Которгон: Кундуз Исмаилова