Ноябрь айынан тартып автобустарда жүрүү үчүн жүргүнчүлөр 8 сомдон, маршруттук таксилерге 10 сомдон ал эми тралейбустарга 7 сомдон төлөшөт. Пенсия жашындагы жана 7 жаштан он экиге чейинки окуучулар үчүн баалар өзгөртүлбөйт.
Коомдук транспортто жүрүүнүн акысы көтөрүлүшү күйүүчү майдын кымбатташы менен байланыштуу экенин шаардык транспорттор менен башкаруу башкармалыгынын жеткечиси Туратбек Джумалиев билдирет.
Азыр автобуска отурса 6 сом, троллейбуска 5 сом ал эми маршруттук таксилерге 8 сомдон төлөшөт. Башталгыч класстын окуучулары жана пенсионерлер транспорттун түрүнө карабастан беш сом жол кире төлөйт.
«Автобустарга жол кире акысы 6 сомдон болушу кара майдын баасы 21 сомду түзүп жаткан мезгилде коюлган. Азыр анын литри 36 сомду түзүп жатпайбы. Бааларды көтөрүү сунушун айдоочулар өзүлөрү киризип жатышат», — деди Джумалиев.
Коомдук транспортторго болгон жол кире акысы акыркы жолу 2008-жылы өзгөртүлгөн. Анда маршруттук таксинин баасы беш сомдон сегиз сомго жогорулаган. Троллейбус жана автобуста жүрү акысы өзгөртүлгөн эмес.
Бишкектиктердин пикири
Пенсионер Владислав Васильев бийликтин тарифтерди көтөрүү боюнча пландарына түшүнүү менен карайт.
«Күйүүчү майга болгон баалар жогорулап жатса эмне кылышсын? Кырдаалдан чыгуунун башка жолу жок. Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу коомдук транспортто жүрүүнүн акысы ансыз деле арзан», — деп эсептейт ак сакал.
Бишкектин тургуну руслан Васильевдин оюн колдогону менен баалар ошол бойдон эле калса болмок дейт.
«Мен түшүнөм, күйүүчү май кымбаттап жатат, бирок канткен күндө деле жол киренин акысы ошол бойдон калса жакшы болоор эле», — деп белгиледи Руслан.
Жакып аттуу Бишкектин тургуну баалардын жогорулашына каршы оюн билдирди.
«Өкмөт биринчи кезекте эл үчүн жумушчу ордуларын даярдап, баарын иш менен камсыз кылышы керек. Андан кийин гана бааларды көтөрүү тууралуу ойлонуш керек да», — деди Жакып.
Оштогу коомдук транспортторго жол кире акысы көтөрүлдү
2011-жылдын 22-июнунда жергиликтүү бийликтин чечими менен коомдук транспортторго болгон жол кире бир сомго көтөрүлгөн.
Депутат Давлетбек Алимбеков кымбатчылык кара майдын баалары өзгөрүлүшү менен түздөн-түз байланыштуу.
«Биз мурун кара майды 22-25 сомдон сатып алчубуз, азыр ал 35-40 сом турат. Бул маселени чечүүнүн башка жолдору жок. Кара майды башка өлкөлөрдөн алып келгендиктен, биз анын баасын арзандата албайбыз», — деп түшүндүрмө берди эл өкулү.
Автор: Айбек Жумабеков
Которгон: Кундуз Исмаилова