Жалал-Абал облустук ИИБ кызматкерлери Бишкек-Ош жолунда болгон митингке катышкан жок


Каза тапкан Орусия жаранын өлүмүнө айыпту деп табылган төрт милиция кызматкерлеринин таламын талашып, алардын кесиптештери 3-октябрда митингке чыкты деген укук коргоочу Сардар Багишбековдун сөздөрүн ИИБ четке какты. Бишкек-Ош унаа каттамын тороп, митингке чыккан 500 адам шектүү деп кармалган милиция кызматкерлеринин туугандары болгон.

«Нааразычылык акциясына чыккандар ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эмес. Кармалган милиция кызматкерлеринин туугандары митингке чыгып, жакындарын үй камагына бошотуп жиберүүсүн талап кылышкан. Андан тышкары сот иши Чүй облусунда эмес Жалал-Абад шаарында өтүшү керек деп жатышат. Алардын оюнда аралык жакындап, сот процессине катышканга мүмкүнчүлүк алышат», — деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев.

Сусунбаев белгилегендей митингчилер арасында түшүндүрүү иштери өткөрүлгөндөн кийин алар үйлөрүнө тарап кеткен.

«Жолду тосуп алгандык туура эмес болоорун нааразычылык акциясынын
катышуучуларына түшүндүрдүк. Бул жол аркылуу көптөгөн жүргүнчүлөр өтүп, бара турган жерине өз убагында жетишиши керек деген түшүндүрүү иштери болду», — деп кошумчалады Сусунбаев.

«Эркиндик үнү» укук коргоо уюмунун башчысы Сардар Багишбековдун
маалыматына караганда митингчилер тарабынан Бишкек-Ош унаа каттамы бир нече саатка жабылган.

«Милиция кызматкеринин кийимин кийгендер кошулуп, божомолдуу эки жүздөн ашуун киши митинге чыккан. Жолду тороп алгандыктан улам, унаалар ары-бери өтө албай калышты»,— деди Багишбеков Kloop.kg порталына берген маалыматында.

Укук коргоочунун айтымында Орусия жараны Усманжан Халмурзаевдин өлүмүнө шектүү деп табылган Базаркоргон райондук ИИБ башчысынын орун басары Кубан Нуриевди колдоочулары жана бир туугандары бул митингде чогулган.

Аталган кылмыш иши боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн дагы үч кызматкери — Туташев, Исмаилов жана Мамаалиевдердин иштери да каралууда. Азыркы тапта кармалгандар камакта кармалууда. 29-сентябрда башталган сот ишинин жыйынтыгы билине элек.
Мыйзамга ылайык укук коргоо органдарынын кызматкерлери нааразычылык акцияларына катышууга укуктуу эмес.

«Ички иштер органдарында кызмат өтөө» тууралуу мыйзамынын
7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер боюнча
кызматкерлери ар кандай митинг, нааразычылык акцияларына катышууга тыюу салынат.

«Милиция кызматкерлери бирөөнү кордоп, ага карата зордук-зомбулук иштерин жүргүзүүгө укуктуу эмес. Бирок иштин чоо-жайын соттун чечими аныктайт», —деп эсептейт Багишбеков.

Халмурзаевдин белгисиз өлүмү

«Эркиндик үнү» укук коргоо борборунун билдируусундо Халмурзаевдин үйүнө 7-августта 3 милиция кызматкери келип, унаа тетиктерин сатып алабыз деп анын эшикке чыгуусун суранышкан. Кошуна балдардын айтуусунда Халмурзаевди укук коргоочулар зордук менен автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Бир аз убакыттан кийин жабыркаган Халмурзаев жакындарына телефон чалып, аны милиция кызматкерлери тепкиге алганын кабарлап, балким көз жумаарын да билдирген. Андан укук коргоочулар 6 миң АКШ долларын талап кылып, бирок анын жакындары 30 миң сомду эле чогултуп, милиция кызматкерлерине беришкен.

Халмурзаев авто тетиктерин сатуу менен алектенчү. Анын келинчеги Зульфия Халмурзаеванын айтымында, Усманжан үйүнө келгенде анын үрөйү учуп, кан сийип калган.

Алган оор жаракаттардан улам ал аймактык ооруканадан каза тапкан.

Аталган укук коргоо борборунун белгилешинче, 8-августта күндүзү Кайрат аттуу даректик милиционер 20 миң сом, анан кечинде 10 миң сом алып келип берген.

Башкы прокуратуранын пресс-катчысы Kloop.kg порталына берген маалыматында 2011-жылдын 9-августунда Жалал-Абад облусунун Базар-коргон райондук прокуратурасы тарабынан Усманжан Халмурзаевдин өлүмү тууралуу кылмыш иши козголгон.

«Текшерүү учурунда 1970-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны Халмурзаевдин өткөн жылдын июнь айында болгон массалык баш аламандыкка катышкандыгы тууралуу маалымат алуу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө милиция кызматкерлери алып келишкен. Ошол эле күнү кечки саат сегиздерде ал үйүнө жаман сезип келгенин жана аны укук коргоо кызматкерлери соккуга алганын айткан», — деп билдирди Конокбаев.

Конокбаевдин билдиришинче 8-август күнү күндүзгү саат 13:00 чамаларында Халмурзаев Базар-Коргон аймактык ооруканасына жеткирилген. Анын эртеси жабыркаган оорулуу ооруканадан көз жумган.

«Текшерүү учурунда сөөктү тышкы кароо жүргүзүлүп, сот медициналык
экспертизасына берилди. Базар-Коргон аймактык ооруканасынын кызматкерлери жана жабыркаган адамдын жакындары суралды», — деди башкы прокуратуранын пресс-кызматчысы.

Сөктү текшергенде Халмурзаевдин өлүмүнүн себеби аныкталган. Жүрөк
тамырлары төш клеткасынан үзүлүп, ички кан жайылууга алып келген.

Оруссия элчилигинин атташеси Виктор Харченконун белгилешинче, башкы консулдук тиешелүү документтерди Жалал-Абадтын прокуратурасына жөнөткөн.

«Мага үч шектүү адам бар деп айтышкан, бирок кырдаал өзгөрүп атат. Менин билишимче ишти бир гана башкы консулдук карабастан, аны эл аралык уюмдар да өз колуна алып, байкооо жүргүзүшүүдө», —деди Харченко.

Мында бир дагы улутчулдук маселелер жок. Бул тууралуу Базар-коргон районунун акими Артыков Кубатбек билди.

«Экспертизадан кийин гана чын эле каза тапкан адам жабыркаган тарап болгонун аныктоого болот», — деп кошумчалады аким өз сөзүндө.

Ички иштер министирлигинин пресс-катчысы Рахматилло Ахмедов белгилегендей, ИИМ- ички коопсуздук боюнча кызматы азыр кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөр өз жазасын тартат. Бул иштер үчүн атайын Жалал-Абад облусуна полковник Станбек Бакиров жөнөтүлгөн.

Кыргызстандагы кыйноолор

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы Жалал-Абадта болгон улуттар аралык кагылышууну уюштургандыгы үчүн бийлик тарабынан күнөөлү деп табылып, өмүр бою камакка алынган. Бул Кыргызстандын жарандарына каршы жүргүзүлгөн кыйноолордун эң белгилүү окуяларынын бири болуп саналат. «Бирок айыпталуучуну милиция кызматкерлери уруп-согууга алган»- деп билдирди анын адвокаты Нурбек Токтакунов.

Массалык маалымат каражаттарында бир гана Кыргызстандын жарандарына эмес, чет өлкөлүктөргө да кыйноолор, уруп-согуулар көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты таркатып келишкен.

2011-жылы мамлекеттин улуттук коопсуздук комитети Филиппиндин жараны, жеке ишкер Кемоель Балаганы салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү үчүн колго түшүргөн.

Филиппиндик ишкердин котормочусунун билдиргенине караганда, 17-мартта Кемоель Балаганы Чүйдүн улуттук коопсуздук кызматкерелери кармап алып уруп-согуп аны салык төлөөсүн талап кылган.

Анда аталган комитеттин башчысы Кенешбек Душебаев кармалган Балага бир дагы кыйноого кабылбаганын жана улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан анын укугу эч бузулбаганын белгилеген.

«Эркиндик үнү» коомдук фонду да жарандарга колдонулган кыйноолордун мониторингин жүргүзүп келет. 2009-жылдан 2011-жылге дээри укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 241 ырайымсыз мамиле жасоо катталган.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова