Ош аба майданында учак конуп жаткан кезде кырсыка кабылды

28-декабрда Бишкектен учкан учак Ош аба майданында конуп жатып көмкөрөсүнөн оодарылган. Кырсыка учуроонун бир нече себептери айтылып жатат, бирок так маалымат айтыла элек. 90 адамдын ичинен 25и жаракат алып, бешөө мээ чайкалуу диогнозу менен ооруканага жаткырылган.

Кырсыкка кабылган «Кыргызстан» авиакомпаниясынын № QH3 каттамындагы ТУ-134 учагы «Манас» аба майданынан Ошко учуп бара жаткан. Учак кырсыгынан каза болгондор жок.

«Аба ырайына байланыштуу жолдун жакшы көрүнбөстүгү, конуу тилкесинин тайгалак болгондугу жана катуу туура эмес конуунун» эсебинен аба майданында кырсык болгондугу тууралуу ар түрдүү себептер айтылууда.

Авриянын себептери катары «конуу тилкесиндеги тайгалак», «каттуу конуу» жана «аба ырайынан конуу тилкеси жакшы көрүнбөгөндүк» деп айтылып жатат.

Айрым бир версиялар боюнча, учак «катуу конгондугуна» байланыштуу оң канаты жана дөңгөлөгү үзүлүп, учак аңтарылып кеткен.

Күбөлөрдүн айтуусуна карганда, жерге күч менен түшкөн учак экиге бөлүнүп көмкөрөсүнөн оодарылып, канатты сынып өрт чыккан. Андан чыккан өрт тез арада бир эки саат аралыгында өчүрүлгөн.

Учак конуп жаткан учурда аба майданында каттуу шамал болуп жаткан. Абанын температурасы 0 градус, шамал секундасына 32 метрге согуп, 750 метрден алыс көрүнбөй калган.

Учакта 84 жүргүнчү жана 6 экипаждын мүчөсү болгон. 14 адам жабыркап, 12 адам медициналык текшерүүдөн өтүп, анын ичинен бешөө ооруканага жаткырылган.

«Кыргызстан» авикомпаниясынын өкүлдөрү «Клоопко» берген интервьюсунда, «маалыматтын жоктугуна» шылтоо менен, кырсыктын болгонун моюнга алган жок.

«Кыргызстан» авикомпаниясынын өкүлү жана Ош аба майданынын директорунун орун басары Юлдаш Козубаев кырсык болгон жайда, учак рейстин алдында текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктады.

АКИпресс кабар агенттиги ӨКМдүн булагына шилтеме жасап, авария болгон учактын мөөнөтү 2012-жылдын 19-январында бүтөөрүн маалымдады.

28-декабрдагы Ош каттамдарынын баары токтотулду.

Авиакырсыктын себептерин иликтөөчү комиссияны түзүү

Бул окуядана кийин премьер-министр Өмүрбек Бабанов шашылыш чогулуш өткөрүп, Аалы Карашевдин жетекчилигинде бул кырсыкты иликтөөгө атайын өкмөттүк комиссиянын түзүлүшүн тапшырды.

«Бул авария учактардын коопсуздук системасын текшерүү керектигине белги болду. Дагы жакшы, эч ким оор жабыр тарткан жок. Келечекте мындай окуялар кайталанбашы керек»,-дейт Бабанов.

Премьер-министр Ошко учуп, кырсык болгон жайга барууну көздөп жатканын чогулушта билдирди.

Бирок, аба ырайына байланыштуу Ош аба майданынын администрациясы Бишкектен учуп келчүү учакты кабыл алуудан баш тартты.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров Твиттердеги блогуна, «Өмүрбек Бабанов Ошко учууга ниеттенип жатат. Ошондой эле Ош тараптан байланыштты күтүп турат. Азыркы учурда Ош аба майданы аба ырайына байланыштуу учактарды кабыл албайтат»,- деп жазган.

29-декабрда кырсыкты иликтөө үчүн Кыргызстанга Эл аралык авиациондук комитеттен 7 адис келээрин ӨКМ маалымдады.

Транспорт прокуратурасы Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 1-пункутуна ылайык (темир жол, аба жана суу транспортун эксплуатациялоо эрежелеринин бузулушу) тергөө ишин козгогондугу кечке жуук белгилүү болду.

«Иликтөө жүргүзүү мага жүктөлдү. Азыркы учурда транспорт прокуратурасы жана ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган атайын иликтөө тобу түзүлдү»,-дейт транспорттук прокуратуранын жеткечиси Кубанычбек Мамакеев.

Мамкеевдин баамында, чыгымдын суммасы 65 миллион сомду түзөт.

Жүргүнчүлөрдүн таасирлениши

Бишкек-Ош каттамынын жүргүнчүсү Айнагуль Насырованын айтымында. Катуу жарылуу болуп оң дөңгөлөк «учуп кеткен».

«Коңторулуп калган дөңгөлөктү жана бир канатты көргөм. Жарылып кеткен учактын экинчи бөлүгү эле, самолет экиге бөлүнүп бир бөлүгү 100-150 метрге учуп кетти»,-дейт Насырова.

Жүргүнчү айымдын айтымында, авария болгондон кийин жүргүнчүлөр өз алдынча учактан чыга башташкан.

Насырова айым, башкалар менен биргеликте 40 жүргүнчү авиакомпанияга арыз жазаарын билдирди.

«Эмнеги биздин өмүрлүрүбүздү тобокелге салып эски учактар менен учуп жүрүшөт?»,-дейт Насырова.

Кулаган учактын жүргүнчүлөрүнүн бири Чолпон Абдусалиева «Клоопко» берген интервьюсунда, учак бир эле дөңгөлөгүнө конуп аңтарылып кеткенин айтып берди.

«Ызы-чуу башталып кетти. Чуркап чыгып, учактан алыс кетүүгө аракеттендим. Анан тез жардам келди, анда отуруп, бир сааттай күттүк»,-дейт жүргүнчү айым.

Шаардык оорукананын башкы врачы Абдижалил Муратовдун айтымында, тез жардамга 12 жарадар адам кайрылган. Алардын арасынан үч эркек жана эки айым мээси чайкалгандыктан ооруканага жаткырылган.

УККнын кызматкерлери аврия болгон жерге эч кимди жолотпой, учактын калдыктарын чогулта башташты.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Улугбек Акишев
Сүрөт Азаттык сайтынан алынды