Депутаттар үчүн кызматтык автобус сунушталды

«Ата мекенчилер» депуттарга парламенттик авто унаалардан баш тартып, жумушка автобуста баруусун сунуштады. Башка фракциянын депуттары мындай сунушка ар кандай пикирде.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Акуналы Досалиев «Клоопко» берген интервьюсунда, 20-январдагы отурумда фракция депуттары үчүн авто унаалардын санын кыскартып «кызматтык автобусун» киргизүүнү сунуштаганын айтып берди.

«Ар бир фракцияга бир-эки авто унаа, калган депуттарга жалпы бир «кызмат автобусу болсун. Эртең менен алып келет, кечинде баарын кайра жеткирет»,—дейт Досалиев.

Парламенттик авто унаалар эртең менен кечкиге чейин жөн эле тураарын депутат кошумчалап өттү.

«Ата Мекендин» сунушун КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов колдоп, ага авто унаа керек эместигин айтты.

«Төрөбай Зулпукаров менен бир кызматтык унааны экөөбүзгө алганбыз. Ал өзүнүн жеке автоунаасын колдонот, мен парламенттик авто унааны колдоном. Автобус менен жүрүүгө даярмын. Депутат элдин өкүлү болгон соң, коомдук транспортто жүрүп көрсүн»,—дейт Эрматов.

«Ар Намысчы» Каныбек Осмоналиев «Клоопко» берген интервьюсунда «ар кандай жеңилдетүү жана преференциялар мени кызыктырбайт» деп айтты.

«Депуттатык милдетимди аткарыш үчүн мага минималдык шарттар түзүлүп берилиши зарыл»,—дейт элдик депутат.

Мындай сунушту «Республика» фракциясынын депутаты Назарали Арипов да колдоп— эң негизгиси Жогорку Кеңештин чыгымдарынын азайышы экендигин билдирген. Арипов жумушка өзүнүн «Лексусе LX470» үлгүсүндөгү жеке авто унаасы менен келет.

«Машина баалулук эмес — бул талаптуу көрүнүш»

«Ата Журт» фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева «Клоопко» берген интервьюсунда кызматтык автоунаалардын кыскарышына нааразы болгондугун айтып, Өмүрбек Текебаевдин мындай сунушун «жеңил пиар» экендигин айтты.

«Бишкекте үйүм бар болгондуктан кызматтык батирден дароо эле баш таркам. Ал эми авто унаадан баш тарталбайм, унаа деген баалулук эмес, ал талаптуу көрүнүш»,—дейт Жолдошева.

«Чет мамлекетте депуттар кандай гана айлык акы алышат... транспорттук чыгашаларын да төлөп берүүгө даяр. Каалаган нерсең менен келсең болот. Метро менен, кааласаң мына мерседес менен, же велосипед менен. Эмнеде, кантип келишин аларда депутат өзү чечет»,—дейт «Ата Журт» фракциясынын депутаты.

«Ар Намысчы» депутат айым Татьяна Левина, оңой эле кызматтык авто унаадан баш тартаарын билдирди. Бирок Жогорку Кеңешке жетүү үчүн кызматтык автобустарды колдонуу, анын ою боюнча туура эмес.

«Эгер кызматтык авто унаалардан баш тартып жатсак, анда баардыгынан —автобустан, кошумча төлөмдөрдөн, дотациялардан да баш тартышыбыз керек. Эми элестетсеңиз-бул кандай көрүнүш болот? Депуттар ар кайсы райондордо жашашат. Менимче бул нерсе тескерисинче элдерди, биздин шайлоочуларыбыздын кыжырын келтирет. Себеби пенсионерлерибиз коомдук транспортто бекер жүрбөйт, алар атайын белгиленген сумманы төлөшөт»,—дейт парламентарий.

«Жумушка жетүү маселе эмес. Марштрутка менен деле келе берем, бирок жумуш боюнча ар кайсы жерлерге барууда кыйынчылыктар жаралат»,деп кошумчалап өттү депутат.

Жогорку Кеңештин авто унаа башкармалыгын жетекчиси Анарбек Камбаров «Клоопко» берген интервьюсунда, парламенттин автопаркында «Тойота Камри» үлгүсүндөгү 75 авто унаа бар экендигин маалымдаган. Анын ону ИИМдин карамагын берилген.

Урматту окурмандар сиздер кандай ойлойсуздар, Жогорку Кеңешке, жумушуна келүү үчүн депутаттарга атайын кызматтык автобус бөлүп берилиши керекпи же жокпу? Эмнеге? Сиз өз оюңузду төмөнкү форумду колдонуу менен комментарийлериңизди калтырышыңыз мүмкүн. Сиздин билдирген пикириңиз биз үчүн абдан зарыл.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова