Өкмөттүн 100 күн программасы 2200 мамлекеттик кызматкерди жумуш ордунан бошотту


Өкмөттүн жаңы курамы кабыл алынгандан кийин, мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү максаттында «100 күн программасы» кабыл алынган. Анын негизинде 2200 мамлекеттик кызматчы жумушсуз калат. Серепчилердин пикиринде, бул кыскартуу жараяны туура эле көрүнүш.

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Өкмөттүн 100 күн программасы» аттуу баяндамасын жасады. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүүчү реформалар тууралуу маек кылды.

«Башкаруу системасын оптимизациялоо максатында өлкө боюнча 2200 мамлекеттик кызматкерди, башкача айтканда 20 пайызы кыскарат. Кыскартууга баруу менен мамлекетте 1 млрд сом каражат сарамжалданат»,-деди вице-премьер.

Мамлекеттик башкаруу, бюджет, укук коргоо системасы, экономика, аймактарды өнүктүрүү жана коомдук чөйрө (социалдык сфера) тармактарында реформалоо болоорун вице-премьер белгилеп өттү.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун билдирүүсүндө, тартип коргоо жана күч органдарында кыскартуу болбойт.

«Баардык органдар 20 пайызга кыскарат. Бул структураларды оптимизациялоонун негизинде келип чыккан нерсе. Бирок бул кыскартуу бир гана тартип коргоо жана күч органдарына тиешеси жок»,-деди Каназаров.

Өкмөттүн «100 күн программасынын» алкагында, мурдагы министрликтер менен ведомстволордун алдындагы 12 текшерүүчү инспекциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эки инспекцияга бирикти. Андан сырткары инспекторлор менен текшерүүчүлөрдүн саны 2 эсеге азайып 1300дөн 700гө чейин кыскарды.

Көз карандысыз серепчи Токтогул Какчекеевдин пикиринде, эгерде ошол мамлекеттик кызматкерлер керектүү болгондо мамлекет мынчалык кыйналмак эмес.

«Биз социологиялык жактан алып карасак, мамлекетте отурган кызматкерлердин 30 пайызы жөн эле отургандар. Аларды – кагаз ташып, ушак ташып, келери кечке чай ичип жана өз деңгээлинде иш жүргүзбөгөн адамдар десек болот. Кыскартыш – бул өзүнөн өзү аныкталып чыккан»,–деп эсептейт Какчекеев.

Аталган университетте баяндамасын аяктаган вице-премьер студенттердин суроолоруна жооп берди.

КУУнун 4-курсунун студенти Жакшыбек уулу Бактыбектин «Кыскартуунун курмандыгы болгон кызматкерлер үй-бүлөсүн кантип багат?» деген суроосуна жооп берип жатып Оторбаев төмөнкүлөрдү айтып өттү.

«Жумуш күчүнүн 0.1 пайызынын кыскартылуусу эч нерсе болбойт. Алар чиновниктер, алардын өзүнүн жеке бизнестери бар. Бирок, биз аларга экономика тармагында иштегенди үйрөнсүн деп, маркетинг, менеджмент жана бухучет программасын сунуштап жатабыз»-деди ал.

Ал эми экономика тармагынын серепчиси Азамат Акелеев, азыркы кыскартуу – бул туура көрүнүш деп эсептейт.

«Өкмөт функционалдык кыскартуудан башташ керек болчу. Мамлекеттик кызматкерлердин ыйгарым укуктарын жана функцияларын кыскартканда, алар өздөрүнөн өздөрү кыскармак. Кыскартууну жүргүзүүдө алардын сапаттарын жана профессионалдык билимин, ушундай критерийлерди иштеп чыгып анан кыскартыш керек болчу»,–дейт серепчи.

Белгилей кетсек, өкмөттүн жаңы курамы бекитилип, 100 күн программасы иштей баштаганына бир ай болду.

Редактор: Айгул Гуламидин кызы