Кытайдын жараны Кыргызстандан 18 куйма «таза» алтын чыгарууга аркеттенген

Өлкөдөн алтын чыгарып кетүү аракеттеринде эки адам камакка алынды. Бажы кызматынын айтымында, баалуу металл каттоодон өткөрүлбөй «контрабанда» аркылуу чыгарылып жаткан

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Абдылда Малдыбаев, аба майданында көп өлчөмдөгү алтындын партиясы кармалгандыгын маалымдады.

6-мартта «Манас» аба майданында  Кытай жараны кармалган. Жүктү каттоо учурунда сумкасында жалпы салмагы 520 граммга жеткен 18 куйма алтын табылган.

«Бишкек-Урумчи каттамы менен учуп кетмек […]. Алтындын баарын кылдаттык менен пласстмасалык кутуга каткан. Кичинекей 16 куйма алтын, дагы экөө костюмунун ички чөнтөгүндө катылыптыр», — дейт Малдыбаев.

Бул окуянын эртеси эле,  Кыргызстандын жараны алтын чыгаруу учурунда кармалган. 400 граммга жеткен алтындан жасалган зергер буюмдар табылган.

«Москва-Бишкек каттамы боюнча учуп жатыптыр […]. Тинтүү иштеринде бир миллион сомго жеткен алтын жасалгалар табылган. Камакка алынып, кылмыш иши козголду», — дейт Малдыбаев.

Кармалгандар алтын жасалгалар жок деп, баалуу металлды каттодон өткөрүшкөн эмес, дейт басма сөз катчы.

«Алтындан зергер буюмдарым, акча каражаттарым бар деп каттатышы керек эле. Бирок, айым да эч нерсе айтпай […], Кытайдын жараны да алтынды каттаткан эмес», — дейт Малдыбаев.

Контрабанда боюнча бажы кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иши жүрүп жатат.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова