Өзбекстандык этникалык кыргыздар пенсия ала алышпай жатат

Жалал-Абад облусундагы этникалык кыргыздардын айтымында, Кыргызстанга пенсияны которуу үчүн документтерин Өзбекстан эки жылдан бери "бербей жатат". Жергиликтүү бийликтин маалыматында, этникалык кыргыздардын пенсиясын коңшу мамлекет "белгисиз балдар фондуна которуп койгон".

"Интербилим" коомдук фондунун изилдөөсү боюнча, 1000ге жакын этникалык кыргыздар 2010-жылдагы этникалык кагылышуудан соң бийлик тарабынан болгон «кысымдан» Кыргызстанга көчүп келишкен. Алардын ичинен канчасы пенсионерлер азырынча белгисиз.

Пенсионер Айтилла Абдраимованын айтуусунда, пенсия алуу үчүн Өзбекстанга баратканда чек ара кызматкерлерине кармалган. Чек араны мыйзамсыз өтүп жаткандыктан «айым пул төлөп 9 саатка камакка алынган".

"Эми солдаттар кармады, бирок эч нерсе деген жок. Анан штраф төктүм, чек араны бузгандан кийин төгөт экенсин да,1000 сом бердим",—деди пенсионер.

Чек арачылардын камагындан Өзбекстандагы мурунку жашап жүргөн жериндеги айыл башчынын жардамы менен чыккан. Ушул айдын аягында пенсия маселеси чечилерин өзбекстандык айыл башчыдан күтүүдө.

Сүйүмкан Сатыбаева этникалык тополоңдо 83 жаштагы пенсионер-кайненеси менен көчүп келген. Ошондон бери пенсиясын ала элек. Бул тууралуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын социалдык фонддоруна кайрылгандыгын билдирди.

"[...]Кыргызстанда социалдык фондго кайрылсам бизге документ алып келгиле деди. Мен документ алуу үчүн бир нече жолу Өзбекстанга кайрылып, өзүм барган жокмун ортомчулар менен да туугандар менен тааныштарга акча берип кайрылдык. Эч кандай документ алдыра албадым",—деп айтты Сатыбаева.

«Пенсиялар Өзбекстандагы балдар фондунда»

Ал эми бул маселе боюнча Торук айылынын этникалык кыргыздарга документтер менен жардам берген жергиликтүү депутат Замирбек Айтмаматовдун билдирүүсүндө, өзбекстандык тарап алардын пенсиясын өзүнүн мамлекетиндеги белгисиз балдар фондунун бюджетине өткөрүшү туралуу маалымат уккан.

"Анан алар июнь окуясынан келе берген да ошодон кийин көптөрү пенсиясын бирөөлөр аркылуу да алып жүргөн. Өзбекстан билип калгандан кийин бул жакка чыгып кеткенин билип, бербей коюшту. Жергиликтүү бийлиги силердин акчаңарды балдар коомуна өткөрүп жиберебиз деп айтыптыр",—деп пенсионерлер арызданганын Айтмаматов айтты.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө социалдык коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Оголай Атабекова да депутаттын сөзүнө кошулуп, Өзбекстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстанга көчүп кеткен үчүн өзбек соцфонду көчүрмө кагазын бербей жаткандыгын маалымдады.

"[Өзбекстан тарабы]алар биз менен сүйлөшпөйт да чек арага жолотушпайт го. Алардын пенсиясын балдар үйүнө которуп салыптыр да аны эки аялдан билдириптир бул жака. Документи жок бул жактан төлөш кыйын экен пенсияны",—деп түшүндүрдү Атабекова.

«Жарандык коомду колдоо борбору» коомдук уюмунун жетекчиси Эльмира Мавлянова бул маселени мамлекеттик деңгээлде каралыш экендигин белгиледи.

"Эми бул жерде кайра эле эл аралык келишим керек да. Маселени чечмейинче көйгөй болот окшойт",—деп айтты Мавлянова.

Этникалык кыргыздардын көпчүлүгү 2010-жылы этникалык кагылышуудан кийин массалык түрдө Кыргызстанга өтүшкөн. Иммигранттардын көпчүлүк бөлүгү —575 адам — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Торук айылында отурукташкан. Бул айыл Өзбекстан менен чектеш жайгашкан —чек аранын аркы жагында ушундай эле атка ээ айыл бар ал Өзбекстандын Наманган облусуна таандык.

Редактор: Айзат Шакиева