«Ата-Мекен» партиясынын катарынан эки депутат четтеттилди

Депутат Өмүрбек Абдрахманов жана Равшан Жээнбековдор «милдеттенмелерин аткарбагандыгы» жана «маданиятсыз жүрүм-туруму» үчүн партиядан четтетилди, дейт экс-партиялаштарынын бири Райкан Төлөгөнөв. Абдрахманов партиядан чыкканына кубанычта. Жээнбековдон комментарий алуу мүмкүн болбоду.

«Ата Мекен» партиясынын басма сөз катчылыгы депутаттардын четтетилиши боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, кабарчыларды Райкан Төлөгөнөвго жолдоду.

«Ата Мекенчи» Төлөгөнөв «Клоопко» берген интервьюсунда Равшан Жээнбеков милдеттенмелерин аткарбай, партияга «зыян келтиргендиги» үчүн четтетилди, деп маалымдады.

Ал эми Абдрахманов «маданиятсыз жана орой» адам дейт Төлөгөнөв.

"Ал кесиптештерине орой, менменсиген мамиле кылат. Кыздарга, аялдарга дал ушундай эле орой мамиле кылып, уят сөздөрдү да колдонот. Ошого байланыштуу партия аны четтетүүгө толук укугу бар", - дейт Тологонов.

Бирок Тологонов бул депутаттар дагы эле “Ата-Мекен” фракциясын мүчөлөрү, жакынкы убыкытта алар фракциядан да четтетилиши мүмкүн деп белгиледи.

Партия лидери Өмүрбек Текебаевден комментарий алуу мүмкүн болбоду.

Өмүрбек Абдрахманов партиядан четтетилгенин тастыктады. Анын айтымында, «Ата Мекенчилердин» Токмок, Ош жана Каракол шаарларындагы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоолордогу «утулушуна» Жээнбеков экөөнү күнөөлөшкөн.

Үч шаарда тең “Ата-Мекен” төрт пайыздан көп добуш топтой алган эмес.

Эл толугу менен партиядан бурулуп кетти. Көрсө буга Жээнбеков экөөбүз күнөөлүү экенбиз. Бирок биз Текебаевдин диктатурасынан кутулганыбызга абдан кубанычтабыз”, - дейт Абдрахманов.

Анын айтымында Текебаев менен алардын ортосунда идеологиялык келишпестиктер болгон. Четтетилген депутаттар “демократияны” , ал эми Текебаев “социализмди” жактаган.

Партиянын расмий сайтындагы устав боюнча, «Ата Мекен»  – саясий- социалдык партия болуп эсептелинет. Анын негизги максаты – «көз карандысыз, демократиялуу, укуктуу жана социалдык багыт алган мамлекетти куруу».

Абдрахманов “Ата-Мекенден” четтетилгенден кийин парламенттин бешинчи чакырылышынын аягына чейин “эркин депутат” болуп кала берем дейт.

Бул Кыргызстан парламентинин тарыхында партия тизмеси боюнча өткөн депутаттарды партиядан четтеттүү боюнча биринчи көрүнүш.

Мындай учурда депутаттардын мандаттары чакырылыштын аягына чейин сакталат. Кыргыз Республикасынын конституциясынын 73-беренесинде депутат милдеттерин тапшырмайынча парламенттен четтетилбөөгө тийиш.

«Клооптун» кабарчылары Равшан Жээнбеков менен байланыша албады.

Саясат таануучу Марс Сариев Абдрахманов жана Жээнбековдун партиядан четтетилиши "лидерлик үчүн күрөш" дейт.

«Текебаев менен келишпестиктер болду. Өнүккөн партияларда ушундай эле болот. Анткени, партияларда ушундай лидерлер өсүп чыгышы керек. Партиянын ичинде дискуссия болуш керек. Ошондо гана партия өсүп-өнүгөт», — дейт серепчи.

Серепчи Марат Казакпаев да Сариевдин пикирине кошулат. Анын айтымында, Текебаев Жээнбеков жана Абдрахмановдордун «активдүүлүгүн» кабыл ала албады.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Авторлор: Кулипа Эсенбекова, Нурсултан Максатбеков жана Зарема Султанбекова

Которгон: Таттуу Укуева