ИИМ: архитектор 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Уюмдашкан кылмыш жана коррупция менен күрөшүү боюнча башкармачылыгы 11 миң сом жана 100 АКШ доллар көлөмүндөгү пара алды деген айып менен Бишкек башкы архитектуранын (ББА) кызматкерин кармады дейт ички иштер министрлиги. Бул жөнүндө мэрия да, Бишкек башкы архитектурасы да билбейт.

ИИМдин басма сөз кызматы Уюмдашкан кылмыш жана коррупция менен күрөшүү башкармачылыгы биринчи категориядагы кызматкерди жаңы конуштун жашоочусунан үйдү эксплуатациялоо боюнча документтерди кабыл алуу үчүн пара алып жаткан жеринен кармагандыгын билдирген.

Оперативниктер Бишкектин прокуратурасы менен биргеликте Бишкек Башкы архитектуранын кызматкерин ал талап кылган – 11 миң сом жана 100 АКШ долларын алгандан кийин кармашкан деп билдирет ИИМ.

Азыр министрликтин билдирүүсүнө ылайык, «Пара доолагандык» жана «Кызмат ордун кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Бирок шаардын мэриясы жана Бишкек башкы архитектурасы бул окуя жөнүндө билбестигин айтышкан.

Бир күн мурда ИИМ мэриянын кызматкери Кара-Жыгач жаңы конушундагы мектептин имаратын иштетүү үчүн 15 миң сом пара алгандыгы боюнча билдирүү жасаган.

Анда шаардык бийликтегилер комментарий бергенден баш тартышкан.

Автору: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева

Сүрөттүн булагы: Бишкек мэриясынын сайты