Билим берүү министрлиги бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салды

Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр эми мектепти бүтүрүү аземин күндүз гана өткөрө алышат. Министрликтин буйругу бузулса, директорлор жана ата-энелер жоопкерчиликке тартылат.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков коопсуздук максатында «түнкү убакытта бүтүрүү кечелерин мектеп территориясында, сайрандоо борборлорунда, кафе-ресторандарда жана табиятта өткөрүүгө» тыюу койду.

Анын буйругуна ылайык, салтанаттуу иш чаралар күндүз саат 10:00дө өткөрүлүшү керек, буйрук бузула турган болсо, буга жоопту директор жана ата-энелер тартышат.

Ошнодой эле мектептерде бүтүрүү кечесин уюштурууга акча суроо тыйылды, ал эми бул тыюуну бузган директорлор жумуштан айрылат.

Бишкектеги №1-мектептин ата-энелер комитетинин мүчөсү министрдин чечими менен макул эмес. Анын айтымында, ал уулу жана анын классташ досу менен баары бир «бир жакка барып чер жазышат».

Борбордогу 73-мектептин окуучусунун апасы Бактыгүл министрдин чечимин “туура” деп эсептейт. Анын айтымында, бүтүрүү кечесин ресторанда өткөрүүгө баарынын эле мүмкүндүгү жок.

«Бардыгы эле кечени ресторанда белгилөөгө шарты жок, бизге, Туңгучтан шаарга чейин алыс. Балдар урушуп да кетиши мүмкүн», – деди Бактыгүл.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы Садыковдун чечимин митинг жана өлкөдөгү “туруксуз жагдай” менен түшүндүрүштү.

2010-жылдагы түштүктөгү этникалык кагылышуудан кийин да бүтүрүү кечелерине өлкө боюнча тыюу салынган.

Анда айрым мектептер тыюуларга карабай салтанаттуу иш чараларын өткөрүшкөн.

Бүтүрүүчүлөргө мектепти бүтүрүүнү кечкисин жана түнкүсүн белгилөөгө тыюу салынышын туура деп эсептейсизби? Төмөнкү форманы пайдаланып, комментарийиңизди калтырыңыз.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Урмат Борченов