Соттун депутатты тергөө абагына камоо чечими боюнча Түлеевдин жактоочусу даттанат

Бишкек шаарынын мурунку мэри жана Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин жактоочусу Султан Баратов Биринчи май райондук сотунун ал жактоого алган депутатты УКМКнын тергөө абагына камоо чечими боюнча даттанат. Ал сот өкүм чыгарууда бардык жүйөөлөрдү эске алган жок деп эсептейт.

Баратов беш күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанып, Түлеевге камоого байланышпаган башкоргоо чарасын сурайт.

«Бүгүн түштөн кийин бул маселени аны менен [Түлеев менен] талкуулайбыз. Мен аны менен жолугам, 1-2 күндөн кийин Бишкек шаардык сотуна райондук соттун өкүмү боюнча даттануу киргизилет», — деди Баратов.

Анын айтымында, сот Түлеевдин камактан бошотуу үчүн далилдерин – депутаттын оорусу (рак), анын жеке мүнөздөмөсүн, анын кесиптештери менен кошуналарынын өтүнүч каттарын эске алган эмес.

Буга чейин Башкы прокуратура Түлеевди Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоону суранып жаткан. Бирок Биринчи май райондук соту депутатты УКМКнын тергөө абагына камоо өкүмүн чыгарды. Сот өзүнүн мндай чечимине эч канлай түшүндүрмө беришкен жок.

Түлеев сот өкүмүн чыгарганга чейин эки ай УКМКнын тергөө абагында болот.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы түшүндүрмө берүүгө жеткиликсиз болуп чыкты.

Мурунку мэр коррупцияга тиешеси бар деп шектелип жатат

Укук коргоо органдары Түлеевди 21-июнь күнү кечинде өзүнүн үйүндө кармап кетишкен. Аны дароо эле суракка алуу үчүн Башкы проокуратуранын Корррупцияга каршы аракет боюнча башкармалыгына алып барышты. Депутат ал жакта төрт саат болду.

Башкы прокуратура өзүнүн мындай аракетин депутат Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезинде коррупциялык иштерге барган деп күнөөлөнүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Депутаттын кол тийбестиги коррупция сыяктуу өзгөчө кылмыш кылган учурларда жардам бере албайт», — деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

22-июнда Жогорку Кеңеш Түлеевдин кармалышы тууралуу башкы прокурор Аида Салянованын түшүндүрмөсүн угуу үчүн кезексиз жыйын өткөрдү.

Салянова мурунку мэрди 2008-жылы Кытайдан чыккан 200 автобусту жогорулатылган баада сатып алган деп күнөөлүп жатат.

«Силер мамлекеттик сатып алууну жүргүздүк дейсиңер, бирок документиңер жок да», — деди Салянова.

Түлеев менен жактоочусу күнөөнү моюнуна албай эле. Мурунку депутат автобустарды базар баасынан арзан сатып алгандыгын айтты.

Соттун жыйынында ал сатып алуудагы баалар «туура» болгондугуна өндүргөн заводко барып ынансын деп депутаттык комиссиянын Кытайга барып келген жол акысын төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди.

«Мен акчаларды үнөмдөсөм коррупционер дагы боломбу, ушундай болуп калабы?», — деди Түлеев анын кармалышы тууралуу маселе талкууга алынган парламенттин 24-июндагы жыйынында.

Депутат өзүнүн парламентарий-кесиптештеринен ал эсептегендей «мыйзамсыз» кармоону изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү суранды.

Комиссия курамына изилдөө иштерине катышуудан баш тарткан «Ата Мекен» фракциясынан башка бардык фракциялардын депутаттары кирди.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков