Айылдашын «өзүн өзү өлтүрүүгө жеткиргендиги үчүн» милиция кызматкерин соттошот

Нарын облусунун Нарын раойнундагы Оттук айылынын милиция бөлүмүнүн башчысына жергиликтүү тургундан акча талап кылып, аны өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирген деген күнөө коюлду. Милиция кызматкери түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Нарын райондук прокуратурасы 2012-жылдын 6-июнунда Эчкибашы айылынын жашоочусу Үсөн Турсуналиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады.

Оттук айылынын милиция бөлүмүнүн башчысы Ильич Жакыповго акча талап кылуу, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү жана кызматтык абалынан пайдалануу күнөөлөрү коюлду.

Прокуратура ишти Нарын сотуна өткөрүп берди. Сот өз кезегинде Жакыпго карата башкоргоо чарасын эки күн аралыгында бекитүүсү керек.

Жакыпов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Нарын облусунун Эчкибашы айылынын жашоочусу Үсөн Турсуналиев өзүнүн үйүндө 6-июнда асынып өлгөн. Өлүм алдында жазган катында ал Оттук милиция бөлүмүнүн башчысы акча талап кылгандыгын жазган.

«Милиция бөлүмүнүн башчысы мени коркутуп 13 миң алган. Андан кийин дагы 20 миң сом алып келбесең түрмөгө отургузам деп коркуткан», — деп жазган Турсуналиев өзүнүн өлүм алдында жазган катында.

Каза болгон Турсуналиевдин туугандарынын айтымдарында, ал муунуп өлгөндөн мурунку күнү Жакыповдо суракта болгон. Анда милиция кызматкери айылдашынан акча талап кылган.

Туугандарынын жактоочусу Жуматай Абдырахмановдун айтымында, Жакыпов Турсуналиевди 2011-жылы капчыгайдагы күркөнү тоногонго шектелип жатасың деп, ишти токтотуу үчүн акча талап кылган.

Турсуналиевдин соода күркөсүн тоноого эч негизи жок болчу, деп эсептейт жактоочу Абдрахманов.

«Анын жашоосу жакшы, эки унаасы, малы бар. Кичинекей бир соода жайын тоноп анын башына эмне күч келиптир?”, — деп суроо салат жактоочу.

Турсуналиев 36 жашта болчу. Артында жубайы жана төрт баласы калды.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков