Караколдук жаран милиция кызматкерлерин «кыйнады» деп күнөөлөп жатат

Каракол шаарынын тургуну Глеб Перепелкин эки милиция кызматкери баңгизатын сактайм деп айтып, моюнуна алдыруу үчүн башына көйнөк кийгизип сабагандыгын айтты. Каракол шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Перепелкиндин айткандарын четке какты.

Укук коргоочу Камиль Рузиев өзүнүн блогуна Перепелкин Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн баңгизатына каршы күрөшүү тобунун кызматкерлерин «кыйнагандыктары» үчүн күнөөлөп жаткандыгы тууралуу видеону жайгаштырган.

Перепелкиндин айтымында, 19-июндан 20-июнга караган түнү баңгизатын сактайм деп айттырып моюунуна алдыруу үчүн аны эки милиция кызматкери өздөрүнүн иш бөлмөсүндө сабашкан.

Перепелкин сактайм деп моюунуна алдырууга аракет кылган баңгизаттар аны алып келе электе эле иш бөлмөдөгү үстөл үстүндө турган, деп билдирди.

«Эмне менен ургандыктарын билбейм, менин башыма көйнөк кийгизип салышкан. Сабап башташканда эле мен эсимди жоготтум», — дейт Перепелкин.

Ал милиция кызматкерлери үйүнүн ачкычы менен паспортун алып алгандыктарын айтты.

Перепелкин укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кыйноосу боюнча арыз жазды. Каракол ШИИБсинин башчысынын орун басары Алмаз Ибраев кыйноолор тууралуу күнөөлөөлөрдү четке кагып, түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Рузиев өзүнүн блогунда жазгандай, ИИБдин башчысы Перепелкиндин билдирүүсүн угуп «таң калган».

«Милиционер 19-июнда эле Перепелкинге карата «ири көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо же бир жерге жөнөтүү” боюнча кылмыш иши козголгондугун айткан», — деп жазылган укук коргоочунун блогунда.

Рузиев жазгандай, кармалгандан кийин Перепелкинге «баш-сөөгү, мээси чайкалган, төш клеткалары жана муундары жабыркаланган» деген диагноз коюлган.

Бул акыркы эки айдан бери милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна даттанган биринчи окуя эмес.

Токмок шаарынан эки бала 2012-жылы 9-майга караган түнү бош протоколдорго кол койдурууга аракет кылып сегиз милиция кызматкери сабашкандыгын билдиришкен.

Анда милиция алардын айткандарын четке кагып, балдар өздөрү мушташып жатканда милиция кызматкерлери келип бөлүштүрүп кое беришкен, деп айтышкан.

Редактор: Зарема Султанбекова

Автор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Камиль Рузиев