Жарандардын жеке маалыматтары «тиешелүү» деңгээлде корголбой жаткандыктан укук коргоочу өкмөт менен соттошуп жатат

Бишкек райондор аралык соту “өкмөт жарандардын жеке маалыматтары – паспорт алуудагы өмүр баяндары – сакталган маалыматтык базасын коргоого жакшы «кам көрбөй жатат» деген укук коргоочунун доо арызын кароодо. Өкмөттүн өкүлдөрү соттун биринчи жыйынына келишкен жок.   

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Нурбек Токтакунов өкмөттү сотко берген – анын пикиринде, өкмөт маалыматтык базасында сакталган кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын коргобой жатат.

Токтакунов эксперименттин алкагында, өзүнүн кызматкерлери менен биргеликте маалыматтык базалардын бирин бузуп, андан өз каалоолору менен макул болгон адамдардын жеке маалыматтарын алгандыктарын айтты.

Юрист кайсы маалыматтык базаны бузугандыктарын так айткан жок.

Токтакунов судьянын макулдугу менен бул экспериментти кайталоону өтүнгөнү жатат.

Токтакуновдун пикири боюнча, өкмөт жеке маалыматтарды коргой турган орган түзүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына тапшырышы керек болчу.

Бирок өкмөттүн өкүлдөрү соттун биринчи жыйынына келишкен жок, мындан улам ишти кароо 1-августка жылдырылды.

Өкмөттүн аппаратынан жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча УКМКга кайрылгыла деп, мекеменин өкүлдөрүнүн сот жыйынына келбегендиги тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

УКМКнын жетекчилиги эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн түшүндүрмө берүүгө жекиликсиз болуп чыкты.

Токтакунов — милициянын мурунку тергөөчүсү, ички иштер органдарынан кетип, укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенип келет.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков