Кыргызстандык оор атлетчи Бекзат Осмоналиев менен таамай атуучу Руслан Исмаиловдун мелдештерге катышууларынын көрсөтүлбөй калышы спутниктеги көйгөйлөргө байланыштуу, деп билдиришти Коомдук биринчи каналдын редакциясынан. Корпорациянын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, алар олимпиадалык оюндарды көрсөтүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
29-июлдан 30-июлга караган түнү Коомдук биринчи канал Лондондо өтүп жаткан Олимпиада-2012деги оор атлетчи Бекзат Осмоналиевдин мелдешке катышуусун көрсөтүүсү керек болчу, бирок трансляция болгон жок.
Коомдук биринчи канал курамына кирген Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаевдин айтымында, телеканалдын кызматкерлери Олимпиададан сигналдарды кабыл алуу үчүн ресиверди толкун кармоого ылайыкташырып түздөп коюшкан, бирок Лондондогу техникалык көйгөйлөрдөн улам көрүнүш келбей, трансляция болбой калган.
«Албетте, биз болгон аракеттерди көрдүк, техниктер баарын кылышты, бирок сигнал келген жок», — деди Оторбаев.
Анын айтымында, корпорациянын жетекчилиги сигналды калыбына келтирүү үчүн көрүнүш менен камсыз кылып бере турган компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
«Мындан кийинки мелдештер өз убагында көрсөтүлөт деп үмүттөнүп жатабыз», — деди ал.
Телеканалдын редакциясынан билдиришкендей, трансляция бир жума бою үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Буга чейин Кубат Оторбаев канал Олимпиада оюндарындагы кыргызстандыктар катышкан мелдештердин бардыгын түз эфирде көрсөтөт, деп убада берген.
30-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө телеканал кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов катышкан эркектер арасындагы 10 метр аралыкка таамай атуу боюнча мелдешти көрсөтүшү керек болчу, бирок Лондондон сигнал келбей, көрсөтүлгөн жок.
Анын ордуна Биринчи коомдук канал Олимпиада-2012нин буга чейинки эки күндө болгон мелдештерин кайталап көрсөттү.
Автор: Анара Адылбек кызы
Редактор: Улугбек Акишев
Которгон: Илгиз Чалбараков