Дайындоолор: Дүйшөбаев — Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы, Байсалов — Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы кылып дайындады. “Твиттерде” популярдуу болгон саясатчы Эдил Байсалов Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болду.

Дүйшөбаевди Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы катары Социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басары Эдил Байсалов менен бирге өкмөттүн жыйынында тааныштырышты.

Дүйшөбаев 2012-жылдын июль айынын аягында кызматтан кеткен Виталий Орозалиевдин ордуна барды.

Аны кызматтан кетирүү чечими Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин ишиндеги «көптөгөн кемчиликтерди» аныктаган Коопсуздук кеңешинин комиссиясынын сунушу менен кабыл алынган, деп билдиришти өкмөттөн.

Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылыгына 2010-жылы, апрель революциясынан кийин келген.

Анын төрагалыгы Кыргызстандын тарыхындагы эң оор мезгилге туура келген – 2010-жылдын июнунда кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улут аралык кагылыш өлкөнүн түштүгүндө болгон. Анын жыйынтыгында, расмий маалыматтар боюнча 426 адам каза болгон.

Убактылуу өкмөт, анын ичинде УКМКнын башчысы да ал кагылыштын алдын ала алган эмес деп күнөөлөнүшкөн.

2011-жылы Дүйшөбаев 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында куралсыз элге ок аткан деп күнөөлөнүп жаткан УКМКнын мурунку төрагасы Мурат Суталиновду өлкөдөн чыгарып жиберген деп күнөөлөнгөн. Кийинчерээк Суталинов Кыргызстанга кайтып келген, учурда УКМКнын тергөө абагында.

Андан кийин, 2011-жылдын 11-апрелинде Дүйшөбаев Мурат Суталиновдун өлкөдөн чыгып кетүүсүнө эч кандай каршылык көрсөтпөгөндүгүн ырастаган. Ал муну революция болгон 7-апрель күнү Суталиновду кармоого эч кандай негиз болгон эмес, деп түшүндүргөн.

Бул кызматта Дүйшөбаев 2011-жылдын декабрына чейин иштеген, анда өкмөттүн курамы алмашып анын ордуна Шамиль Атаханов дайындалган.

Байсалов — социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу 

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы башка кызматка которулган Гүлнара Дербишеванын ордуна Эдил Байсалов баргандыгын билдиришти. Анын кайсы кызматка которулгандыгы азырынча белгисиз.

Дербишева ошондой эле Эл аралык бала багып алуу боюнча компанияларга аккредитация берүүчү комиссиясынын төрайымы.

Эдил Байсалов укук коргоочу “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюмунун негиздөөчүсү, 2007-жылы оппозициялык партия болуп турган Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын атынан депутаттыкка талапкер катары парламенттик шайлоого катышкан.

Шайлоонун алдында ал өзүнүн “Живой журнал” блогуна шайлоо бюллетенин жарыялаган, бул үчүн ал укук коргоо органдары тарабынан куугунтукка алынган — бийлик бюллетенди басып чыгаруу менен ал мыйзамды бузду деп эсептеген.

Байсалов Швецияга кетип калууга аргасыз болуп, ал жерде эки жылдан ашык убакыт жашаган.

2010-жылдын апрелинен кийин ал Кыргызстанга кайтып келген. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаеванын аппаратынын жетекчиси кызматын ээлеп, эки айдан кийин ал кызматтан кеткен.

Андан кийин ал 2010-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышуу үчүн “Айкөл Эл” партиясын негиздеген.

Партия керектүү сандагы добуш ала албай, 28 партиянын арасынан 19-орунга ээ болгон.

Байсалов микроблогдук “Твиттер” сервисиндеги эң активдүү кыргызстандыктардын бири болуп саналат. Анын 3500дөн ашык окурманы бар.

Автор: Александра Ли

Редакторлор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Илгиз Чабараков