Ысык-Көлдө жоголуп кеткен Бишкек шаарынын тургунун издөө иштерине Орусиянын согуштук-деңиз флоту кошулду

Орусиялык аскердик флот 14-июлда жоголуп кеткен Бишкек шаарынын тургунун издөө үчүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Кой-Сару» базасынан куткаруучу кеме жиберди, деп билдирет Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

«Казанка» кемеси 5 киши жана беш жаштагы кыз менен 14-июлда «Алтын Кум» пансионатынын кумдуу жээгинен 2-2,5 чакырым алыстыкта оодарылып кеткен.

Андагы төрт адам аман калып, беш жаштагы кыз ооруканадан көз жумган. Суучулдар кайыктын ээси Сергей Касьяновду дагы деле издеп жатышат.

Орусиялык кеме кыргыз куткаруучуларына жардам берүү үчүн 3-августта келди, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Орусиялыктар менен кыргызстандык тарап 37 жаштагы Касьяновду издөөнүн биргелешкен планын иштеп чыгышты.

Аны «Казанка» оодарылып кеткен жерден алыс эмес жайгашкан Чоң-Сары-Ой айылынын жашоочулары да издеп жатышат.

Түшүндүрмө берүү үчүн «Кой-Сару» базасы жеткиликсиз болуп чыкты.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко августтун башында «Кой-Сары» базасы менен Кыргызстандын ӨКМи жабыр тарткандарды биргелешип издөө боюнча окутууларды өткөргөндүгүн айтты.

Ушундан кийин Кыргызстандын ӨКМи базадан жардам сурагандыгын айтты Харченко.

«Кандайдыр бир кырдаалдар түзүлүп калса биргелешкен күчтү пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар», — деди басма сөз катчы.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: Er Komandante