Айыл чарба министрлиги: Кыргызстан буудай түшүмүнүн үчтөн бирин жоготту

Айыл чарба министрлиги ысык менен кургакчылыктан улам 2012-жылы буудай түшүмүндөгү 30-40 пайыздык жоготуулар тууралуу билдирди. Дыйкандар ири жоготуулар болгондугун айтып жатышат.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы азык-түлүк ишканасы бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Жумабеков 2012-жылы Кыргызстан жазында себилген буудайдын 30 пайызын жоготту дейт.

Жумабеков кургакчылыктан улам түшүм азайгандыгын айтты.

Анын болжолдоосу боюнча, Кыргызстан жылдын аягына чейин 653 миң тонна буудай жыйнайт, бул былтыр жыйналган 900 миң тоннадан бир жарым эсе аз.

Жумабеков «Клоопко» билдиргендей, коңшу Казакстандан буудай алып келүүнүн көлөмү көбөйгөн. Жылдын башынан бери 260 миң тоннадан ашык дан эгини алынып келинген — бул 2011-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100 миң тоннага көп.

Жылдын аягына чейин Казакстандан дагы 200 миң тонна, Орусиядан 100 миң тонна буудай алып келүү пландалып жатат.

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов жазгы айдап-себүү иштери «начар» уюштурулгандыктан түшүм аз болуп калдыгын билдирди, деп жазган «Тазабек» маалымат агенттиги.

2012-жылдын апрелинде Айыл чарба министрлиги кыш узакка созулгандыктан жазгы айдап-себүү иштери белгиленген мөөнөттөн 15 күнгө кеч башталгандыгын билдирген.

Түшүмдүн 70 пайызы жок болду

Дыйкандар буудайдын түшүмүндө ири жоготуулар болгондугун айтып жатышат. Алардын пикиринде, ысык менен кургакчылык эгиндин 70 пайызын жок кылган.

«Мукай» бишкек кооперативинин мүчөсү, дыйкан Бакыт Ноогонбаев Кыргызстан 2012-жылы 300 миң тоннадай буудай жыйнай тургандыгын айтты — бул былтыркы түшүмдүн үчтөн бири.

Анын айтымында, Чүй облусу бардыгынан көп эгин жоготкон.

Чүй облусунда жашаган дыйкан Ибрагим Фаратов түшүмдүн аз болуусуна эрте - апрелде эле башталган ысык таасирин тийгизди дейт.

Дагы бир көйгөй катары ал жердин арыктап, начарлап кетишин айтты – анткени, СССР таркагандан кийин кыргыз бийлиги айыл чарбасында жерди которуштуруп айдоону киргизген эмес.

Фаратовдун «Клоопко» билдиргениндей, жазгы айдап-себүү иштери жүрүп жаткан учурда дандын кымбат болуусу да түшүмдүн аз болуусуна таасирин тийгизген.

«Бир четинен буудай себилген аянттардын кыскаргандыгынан, экинчиден кургакчылыктан улам буудай өтө эле аз», — деп белгиледи дыйкан.

Кыргызгидрометтин сайтында 2012-жылдын жай мезгилинде абанын орточо температурасы 30 градустан 35 градуска чейин ысык болгон, деп жазылган.

2011-жылдын бул мезгилинде абанын орточо температурасы 27-33 градус болуп турган.

Ундун кымбаттоосу

Июлда Кыргызстандын ири шаарларында бир килограмм унга болгон баа 5 сомго жогорулаган — Бишкекте 25 сомдон 30 сомго чейин, Ошто 20 сомдон 25 сомго чейин.

Жалал-Абаддык дыйкан Асылбек Эралиев облуста бир килограмм унга болгон баа 17 сомдон 28 сомго чейин жогорулагандыгын айтты.

Ун өндүргөн «Акун» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Рустам Жумабеков компания ундун бир килограммын 22 сомдон сатып жаткандыгын билдирди. Айтымында, бирок жакында Кыргызстан менен Казакстандагы түшүмдүн начар болуусунан улам үч сомго кымбатташы мүмкүн.

Жумабеков буудай каатчылыгы бардык дүйнөлүк базарларда байкалып жаткандыгын кошумчалады.

«Евроньюс» телеканалынын маалыматы боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу 2012-жылы дүйнө жүзү боюнча буудайга болгон баалар 19 пайызга кымбаттаган.

Автор: Айнура Каарманова

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөттүн автору: Afonin