Консерватория Искусство институту менен биригүүгө каршы болууда


Улуттук консерватория менен Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бириктирүү жөнүндөгү Билим берүү министрлигинин идеясы эки ЖОЖдун жетекчилигинин нааразычылыгын жаратты. Алардын пикирлеринде, жогорку окуу жайларын бириктиргенден кийин техникалык базасын түзүү «кыйын» болуп калат.

Улуттук консерваториянын жетекчилиги аларды Искуссство институту менен бириктирүү жөнүндөгү Билим берүү министрлигинин демилгесине каршы чыгып, бириккенден кийин техникалык базаларын түзүү «кыйын» болуп каларын билдирди.

Искусство институту менен бириккенден кийин Улуттук консерваториядагы билим берүү программасы бузулуп калат, деп божомолдойт вокал бөлүмү кафедрасынын жетекчиси Зина Сарыгулова.

Ал музыканы «назик мекеме» катары көрүп, аны Искусство институту даярдаган операторлорду, режиссерлорду, актерлорду окутуу менен байланыштырууга болбойт деп эсептейт.

Сарыгулованын айтымында, Искусство институтунун жетекчилиги да эки мекеменин биригишине каршы. «Клооптун» кабарчылары Искусство институтунун өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

Маданият жана туризм министрлиги да консерваториянын жетекчили менен бир пикирде — мекеме жетекчисинин орун басары Кудайберген Базарбаев консерватория менен Искусство институтунун бири-бирине эч кандай тиешеси жок деди.

«Консерватория профессионалдуу музыканттарды, ал эми Искусство институту — маданий-агартуучулук менен алектенген адистерди даярдайт», — дейт маданият министринин орун басары.

Билим берүү министрлиги консерватория менен Искусство институтунун биригүүсү жөнүндөгү долбоорду өкмөткө берген.

Аталган мекемелерди бириктирүү – билим берүүдөгү реформалардын бөлүгү болуп эсептелген жогорку окуу жайларынын тармагын оптималдаштыруу долбооруна кирет, дейт Билим берүү министрлигинин алдындагы адистик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдыманап Жолдошев.

Ал кошумчалагандай, жогорку окуу жайларын бириктирүү долбоору мекемелер аралык комиссиянын талкуулоо стадиясында – комиссия атайын консерватория менен Искусство институтун бириктирүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.

Автор: Карина Жолдошева

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков