УКМК беш кытай компаниясынын ээлерин салык төлөгөн эмес деп күнөөлөп жатат

Беш кытай компаниясынын мүлкү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан камакка алындыалар жалпысынан 50 миллион сом салык төлөгөн эмес деп күнөөлөнүп жатышат. Компаниялар болсо эркин экономикалык аймакта иштеп жаткандыктарын жана салык төлөбөшү керектигин билдирип жатышат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Бишкек» эркин экономикалык аймагында иштеп жаткан беш кытай компаниясынын ээлерине карата кылмыш ишин козгоду. Алардын мүлктөрүнө арест салынып мөөр басылды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, эркин экономикалык аймактан Кыргызстанга товарларды импорттоо үчүн ал компанияларга «мыйзамсыз» салыктык жана бажылык жеңилдиктер берилген.

Эркин экономикалык аймак — өзгөчө юридикалык статустагы жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген экономикалык шарттар түзүлгөн аймак.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал компаниялар эркин экономикалык аймакка каттоодон өтүп жатканда көрсөтүлбөгөн продукцияларды чыгарган – бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Атайын кызматтагылар тарабынан күнөөлөнүп жаткан компаниялардын арасында пластикалык түтүктөрдү чыгарган «Корона» жана балык консерваларын өндүргөн «Акылман» ЖЧКлары бар. Жалпысынан бардык беш компания биригип мамлекетке 56 миллион сом карыздар болуп калышты, деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Айнура Чекирова азырынча кытай компанияларынын салык кызматына канча карыз экендигин эч ким аныктай электигин айтты.

«Мунун бардыгы [салыктык зыяндын] УКМКнын айткандары боюнча. Азыр компаниянын товарларын эркин экономикалык аймактын сыртына алып чыгууга болбойт», — дейт Чекирова.

Шаршемби күнү компаниялардын жетекчилери өз билдирүүлөрүн таркатышты. Анда алар эч кандай мыйзам бузбагандыктарын айтышкан. Билдирүүдө жазылгандай, эркин экономикалык аймакта жайгашкан ишканалар бардык салыктардан бошотулат.

Ошондой эле компания жетекчилери эркин экономикалык аймакта катталбаган продукцияларды чыгарып жатат деген маалыматты четке кагышты.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагында 80ден ашык компания бар.

Автор: Анара Адылбек кызы

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков