Өкмөттүн аппарат жетекчилиги толугу менен дайындалып бүттү

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басарын дайындады — аппараттын жетекчилиги толугу менен түзүлүп бүттү.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Жеңиш Жакыпов эми өкмөттүн аппаратынын укук тартибин коргоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүн жетектейт.

Уюштуруу-тескөө иштери жана аймактык көзөмөл бөлүмүнүн орун басары болуп Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун мурунку орун басары Алтынбек Эргешов дайындалды.

Буга чейин, сентябрдын башында президент Алмазбек Атамбаев Сатыбалдиев башында турган жаңы өкмөттү бекиткен.

Министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси болуп Мамлекеттик кадр кызматынын мурунку башчысы Нурханбек Момуналиев, анын биринчи орун басары болуп Мурат Мукамбетовдор дайындалган.

Өкмөттүн парламенттеги дайымкы өкүлү Ашырбек Темирбаев болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков