Энергетика министрлигинин имаратында үч адамдын өлгөн денеси табылды

Милиция бүгүн эртең менен Энергетика министрлигинин имаратынан денеси табылган үч адамдын өздүгүн аныктап жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Ахунбаев көчөсү 175 дарегинде жайгашкан Энеретика министрлигинин имаратында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерли иштеп жаткандыгын «Клоопко» билдирди — алар анда денелери табылган адамдардын өздүгүн аныктап жатышат.

Сейитов бул окуя боюнча кенен маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Свердлов РИИБсинен жетекчилиги жумушчу ордунда жок болгондуктан бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Энергетика министрлигинин кароолчусу имараттан үч дененин табылгандыгын «Клоопко» ырастап, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

Министрликтин басма сөз кызматы болсо комментарий берүүдөн баш тартты.

Болжолдуу маалымат боюнча, Каржы министрлигинин кызматкери болгон адам «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында иштеген жубайын атып салган, андан соң анын жетекчиси Сагынбек Абылкасымовду өлтүрүп, аягында өз жанын өзү кыйган, деп жазат «24» маалымат агенттиги.

Автор: Александра Ли

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков