Депутат Бакир уулу көзачыктар жөнүндөгү көрсөтүүнү жабууну талап кылып жатат

Парламентарий Турсунбай Бакир уулу КТРКдан көзачыктар жөнүндөгү көрсөтүүнүн чыгып жаткандыгына нааразы экендигин билдирип, аны жабууну талап кылып жатат. Анын айтымында, ал Курандын негизин бузат жана «акыр заманга» алып келет. Долбоордун режиссёру Кыргызстан светтик өлкө экендигин жана кандай гана адам болбосун каналдан чыгууга укугу бар экендигин айтууда.

Бакир уулу КТРКнын жетекчилигинен көзачыктар жөнүндөгү «Аалам сырлары» программасын жабууну талап кылууда.

«Аятта көзачыктар менен сыйкырчылардын санынын көбөйүшү акыр замандын жакындаганынын жышааны деп жазылган», – деди Бакир уулу «Клоопко» берген маегинде.

Парламентарий ага шайлоочулары жана интернет колдонуучулар программаны жабуу өтүнүчтөрү менен кайрылгандыгын айтты.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев депутаттын талаптары тууралуу эч нерсе укпагандыгын айтып, андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

Шоунун режиссеру Асыл Аппасова «Клоопко» берген маегинде Бакир уулунун талаптарын уккандыгын, бирок Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан программа эфирге чыгууга укуктуу экендигин айтты.

«Коомдук канал [КТРК] коомдун пикирин чагылдырышы керек — коомго көзачыктар дагы, башка адамдар дагы кирет», — дейт Аппасова.

Теледолбоордун алып баруучусу Назира Айтбекова 2012-жылдын мартында эле көзачыктар — коомдук каналдын эфиринен чыгууга укугу бар коомдун бир бөлүгү, деп айткан.

«Алар да адамдар, алар биз сыктуу эле адамдар. Бирок аларга Кудай жөндөм берип койгон», — деген Айтбекова.

Көрсөтүүнүн алгачкы чыгарылышы эфирге 9-сентябрда чыккан. Анда көрүүчүлөр долбоор менен жакындан таанышышкан – реалити-шоунун өзү болсо бир аптадан кийин башталган.

Биринчилерден болуп реалити-шоунун кыргыз телеберүүсүнүн эфиринен чыгуусуна мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов каршы чыккан. Анын ордуна келген Рахматулло ажы Жумагулов да ошондой эле пикирде.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы муфтияттын өлкөдө кайсыл бир нерселерге тыюу салууга угугу жок экендигин белгилеген.

Бирок, 2012-жылдын апрелинде көзачыктардын шоусу тууралуу маалымат пайда болгондо муфтият шоуну токтотуп, тыюу салууга чакырган.

Көрсөтүүнүн авторлору жооп катары Кыргызстан светтик өлкө экендигин жана алар муфтияттын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү эмес экендиктерин билдиришкен.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли